Түркия КЭКУнун кезектешкен төрагалык кызматын жүргүзүүдө
Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 12 мүчөсү бар
Түркия 1-январдан тарта Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектешкен төрагалыгын жүргүзүп жатат.
Түркиянын кезектешкен төрагалык кызматында аймак өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катыша турган жыйын өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Июнга чейин улана турган бул 6 айлык кызмат учурунда Түркия соода-сатык жана айыл-чарба тармактарында кызматташууга басым жасайт.
Түркиянын жетекчилигинде 1992-жылы түзүлгөн Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 12 мүчөсү бар.
Бул уюм мүчө өлкөлөрдүн потенсиалдарынан, аймактык жакындыктарынан, экономикаларынын бирин-бири толуктоочу өзгөчөлүктөрүнөн пайдаланып ортолорундагы өз ара жана көп тараптуу экономикалык, технологиялык жана социалдык карым-катнаштарын көп түрдүү кылууну жана дагы да кеңейтүүнү, ушундайча Карадеңиздин ырааттуу аймак болушун максаттоодо.