Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 6 - 7 - 8- беренелер кабыл алынды

Президент орун басарлары менен министрлерди дайындап жана кызматтан ала алат

650761
Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 6 - 7 - 8-  беренелер кабыл алынды

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушунун 6 – 7 – 8 -  беренелери парламенттин жалпы кеңешинде кабыл алынды. Жалпы Кеңеште конституцияга өзгөртүүлөрдү  киргизүү сунушунун алтынчы беренеси, 137 кабыл болбогон добушка каршы 343 добуш менен кабыл алынды.

Алтынчы берене парламенттин текшерүү жоопкерчилигин кайрадан түзөтөт. Премьер – министр, министрлер кеңеши конституциядан чыгарылат.

Текшерүү жолдору катары ; парламенттик изилдөө, парламенттик териштирүүсү, жалпы сүйлөшүү жана жазуу түрүндө  суроо белгиленүүдө. Сунуштун 7- беренеси болсо 340 добуш менен өттү. Бул берене менен партиялуу президенттиктин алды ачылууда. Президенттикке талапкер болгондордо болушу керек болгон өзгөчөлүктөр жана президенттик шайлоонун кандай өткөрүлөрү белгиленүүдө.

8 -  беренеси да 340 кабыл добуш алды. Берене боюнча президент «мамлекеттин жана иш алып баруунун башы» катары аныкталууда.

Президентке мыйзамда ачыкча киргизилген түзөтүүлөрдүн тышында иш алып барууга байланыштуу чечим чыгаруу жоопкерчилиги берилет. Президент орун басарлары менен министрлерди дайындап жана кызматтан ала алат.



Тектеш кабарлар