Израиль менен жаңы мезгил башталууда

Алты жылга созулган кризистен кийин Израилдин кечирим сурашы, Газаны курчоону азайтышы жана кун төлөшүнөн кийин, эки тараптуу элчилер да дайындалган.

649046
Израиль менен жаңы мезгил башталууда

Түркиянын карым-катнаштардын оңолушу үчүн алдыга койгон үч шартын орундаткан Израиль менен жаңы мезгил башталууда.

Израиль тарабынан курчоого алынып  жана эмбарго  коюлган Газага жардам алып барган «Мави Мармара» кемесине 2010-жылы 31-майда эл аралык сууларда Израилдин десанттары тарабынан кол салуу болуп 10 киши каза тапкан кандуу окуя, Түркия-Израиль алакаларын чыңалткан.

Алты жылга созулган кризистен кийин Израилдин кечирим сурашы, Газаны курчоону азайтышы жана кун төлөшүнөн кийин, эки тараптуу элчилер да дайындалган.

Анкара-Тель-Авив багытында карым-катнаштар оңолуу процессине кирип жатканда, алдыбыздагы айларда эки өлкөнүн ортосунда саясий кеңешүүлөр да көбөйөт. Аны улай жогорку деңгээлдеги расмий сапарлар да болот.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Израилге сапар жасашы үчүн иштер уланууда.

Маданият, туризм, соода жана спорт тармагындагы карым-катнаштардын токтоосуз уланганын айткан тышкы иштер министринин адистери, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 2,5 миллиард доллардан 5 миллиард долларга жеткенин белгилеп кетти.

Экономика тармагында да жылыш болгонун баса белгилеген дипломатиялык адис кызматкерлер, эки өлкөнүн ортосундагы эркин соода келишиминин жаңыланышын жана камтуусунун кеңейтилишин каалагандарын да белгилешти.



Тектеш кабарлар