Евфрат калканы операциясы

ДЕАШ мүчөсү 11 террорист  өлтүрүлдү

649126
Евфрат калканы операциясы

Сириянын түндүгүн террордон тазалоо максатында Түркиянын жол башчылыгында 24 -  августта башталган Евфрат калканы кыймылында террордук уюм ДЕАШ мүчөсү 11 террорист  өлтүрүлдү.

Кыймылга байланыштуу түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта кечээ жана бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 7:00гө чейин аныкталган ДЕАШ террордук уюмга таандык 335 бутанын оор куралдар менен атылгандыгы белгиленди.

Түрк аба күчтөрүнүн учактары да Ел Баб аймагындагы ДЕАШтын 12 бутасын абадан аткылады. 3 баш калкалоочу жер, 2 текшерүү жери, 1 ок – дары сактоочу жер жана 6 курал жана коргонуу буктурмасы жардырылды. Операциялар учурунда жарандардын зыян тартпашы үчүн  абдан чоң жоопкерчилик көрсөтүлүүдө.

Аныкталган ДЕАШ буталарынан үчөөсүнүн жакынында жарандардын болушу менен бул жерлерде жүргүзүлө турган операциялардан баш тартылды. Террордук уюмдардан тазаланган аймактардан 21 колдо жасалган жардыргыч жардырылды. Кыймылдын башынан бери 2 миң 842 колдо жасалган жардыргыч жана 43 мина текшерүү астында жардырылды. Ошол эле учурда түрк аскердик учактарынын Ирактын түндүгүндөгү Зап, Гара, Хакрук, Авашин жана Басян аймактарына жасалган аба операциясында жикчил террордук уюм ПККга таандык 14 бута жардырылды.



Тектеш кабарлар