«Интеллектуалдык менчик» мыйзамы Расмий гезитте жарыяланды

Аты аталган мыйзам менен Түрк патент институтунун аты Түрк патент жана марка мекемеси деп өзгөртүлдү.

647711
«Интеллектуалдык менчик» мыйзамы Расмий гезитте жарыяланды

Президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан бекитилген «Интеллектуалдык менчик» мыйзамы Расмий гезитте жарыяланып күчүнө кирди.

Аты аталган мыйзам менен Түрк патент институтунун аты Түрк патент жана марка мекемеси деп өзгөртүлдү.

Башкасына таандык марка укугуна кийлигишүү же аралашуу аркылуу укугун тебелеп товар өндүргөн, саткан, соодалык максатта сатып алган, өткөргөн же сактаган кишилерге 1 жылдан 3 жылга чейин абак жана акчалай жаза берилет.

Марка коргоосу белгисин, товар же кутусунун тышынан укугу болбостон алып таштаган киши, 1 жылдан 3 жылга чейин абак жана 5 миң күнгө дейре кылмыш айып акчалай жазасына тартылат.

Мыйзам менен; марка, географиялык белги, долбоор, патент, пайдалуу модель менен салттык товар аттарына байланыштуу укуктардын корголушу жана бул белги менен технологиялык, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн аткарылышына салым кошуусу максатталууда.



Тектеш кабарлар