Террор жалгыз эле Түркиянын маселеси эмес

Бинали Йылдырым менен Месуд Барзани жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

646873
Террор жалгыз эле Түркиянын маселеси эмес

2 күндүк иш сапары менен Иракка барган премьер-министр Бинали Йылдырымдын бүгүнкү аялдамасы Эрбил болду.

Өкмөт башчы Йылдырым, Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун премьер-министри Нечирван Барзани менен бетме-бет жолугушуу өткөрдү.

Премьер-министрликтин Конок үйүндө өткөн жолугушууда Синжар жана террор менен күрөшүү сүйлөшүлдү.

Жолугушууда экономика темалары да каралды.

Йылдырымдын андан кийинки аялдамасы Премьер-министрлик кеңсеси болду.

Өкмөт башчы Йылдырым, Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месуд Барзани менен жолукту.

Бинали Йылдырым менен Месуд Барзани андан соң биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

Премьер-министр Бинали Йылдырым террордун жалгыз эле Түркиянын маселеси болбогонун айтты.

 Бинали Йылдырым: « Багдадда дагы Эрбилде дагы пайдалуу жолугушууларды өткөрдүк. Жолугушуулардын планы эки темада чогултулса болот. Биринчиси террор менен биргелешип күрөшүү. Экинчиси болсо экономикалык темаларда аймактын тынчтыкка жетиши темасында дагы көп эмгектендик. Өзгөчө террор темасында буларды айтсак пайдалуу болот. ДЕАШ дагы, ПКК дагы, ФЕТӨ дагы жалгыз эле Түркиянын эмес, Ирак жана Сириянын дагы маселеси. Биз Сирияда түштүк чек арабызда ДЕАШка каршы операция жүргүзүүдөбүз. Орток максатыбыз бул чээнден чыккан уюмду тизгиндөө. Бул темада эл аралык жамаат дагы көп колдоо көрсөтүшү керек».

Премьер-министр Бинали Йылдырым: «ПККнын Ирактын территориясынан өлкөбүзгө карай жүргүзгөн кол салуулары эч качан кабыл алынбайт. Бул темада эмне керек болсо бардыгы тең акырына чейин жасалат. Бул террор уюмунун батышты көздөй жайылуусу, Шенгал аймагында чогулуусу эч качан кабыл алынгыс»,-деп айтты.

Бинали Йылдырым: «ПЙДнын Сирия аймагында «болоору болду» деген сыяктуу мамилесине эч качан уруксат бербейбиз. Ал жерде жашаган пешмергелерди, арабдарды жеринен ажыратышты, кадимкидей басып алууга киришти. Албетте атын канча өзгөртсө дагы булардын эмне кылганын билебиз. Булар ПККнын туундусу. Атыңды алмаштырып иштин маңызын алмаштыра албайсың. ПКК барабар ПЙД ал барабар ЙПГ»,-деп айтты.

Бинали Йылдырым: « Эрбилдеги ФЕТӨ окууларынын жабылуусу темасында көрсөткөн колдооңузга ырахмат айтамын. Биздин бул жердеги сезимталдыгыбыз абдан ачык; окуучулардын зыян тартпоосу, бирок буларды ээлеп алган, башкарган террор уюмунун мүчөлөрүнүн тазаланышы»,-деди.

Маалымат жыйынында террор менен күрөшүүгө токтолгон Барзани да: «Бардыгыбыз, террор жана терроризм балакети менен бетме-бет келдик. Террор жана терроризм менен күрөшө алыш үчүн бардык тараптардын колдошуусуна муктаждык бар. Буюрса биздин фронтто террористтер чоң жеңилүүгө учурады. Түркия жана башка өлкөлөрдө да террор жана терроризмдин жоюлушун тилеймин»,-деп айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым, Месуд Барзанинин анын урматына бере турган иш тамагына да катышат.

 



Тектеш кабарлар