«Евфрат калканы» кыймылы Эл Бабда уланууда

35 бута абадан атылган кыймылда үчөө террор уюму ДЕАШтын жалган башкаруучуларынан турган 37 террорист жок кылынды.

646530
«Евфрат калканы» кыймылы Эл Бабда уланууда

Сириянын Эл Баб аймагында Түрк куралдуу күчтөрүнүн жол башчылыгында жүргүзүлгөн «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында бир кенже лейтенант шейит болду.

35 бута абадан атылган кыймылда үчөө террор уюму ДЕАШтын жалган башкаруучуларынан турган 37 террорист жок кылынды.

Кыймылдын кечээ эртең мененки бөлүгүндө 21 террорист жок кылынган.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жарыясында Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык учактар тарабынан, террор уюмдары ДЕАШтын Эл Баб, Бзагах, Суфланян жана Кабр аль-Мукриде орун алган 12 бутасына карай операция уюштурулганы билдирилген.

Террор уюмунун баш калкалоочу жерлери, штаб имараттары, текшерүүчү жери, курал жана унаалары жок кылынып, Кургактыкта болсо 156 ДЕАШ бутасы оор куралдар менен аткыланып, колго жасалган 37 жарылуучу зат зыянсыздаштырылды.

Түрк куралдуу күчтөрү кыймылда аймакта жашаган жаран калктын зыян тартпоосу үчүн ар түрдүү чараны көрүп аяр мамиле кылууда.



Тектеш кабарлар