Чавушоглу-Эйде менен Кипр маселесин сүйлөштү

Мевлүт Чавушоглу, АКШга сапарында БУУнун баш катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйде менен Нью-Йоркто жолукту.

645977
Чавушоглу-Эйде менен Кипр маселесин сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШга сапарында БУУнун баш катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйде менен Нью-Йоркто жолукту.

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлдүгүндө болгон жолугушууда алдыдагы аптада Швейцариянын Женева шаарында баштала турган Кипр сүйлөшүүлөрү каралды.

Чавушоглу сүйлөшүүлөрү темасында Түркиянын көз караш жана мамилелерин Эйдеге дагы бир жолу түшүндүрдү.

Кипр сүйлөшүүлөрү министр Чавушоглунун кечээ БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррес менен болгон жолугушууда да күн тартипке келген.

Ошол эле теманын Мевлүт Чавушоглунун бүгүн грек кесиптеши Никос Коциас менен Нью-Йоркто боло турган жолугушууда да маанилүү орунга ээ болушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар