Түркия парламенти өзгөчө кырдаалды узартууну кабыл алды
Вице-премьер Нуман Куртулмуш, Жалпы кеңештеги сөзүндө өзгөчө кырдаалдын узартылышына ФЕТӨ түзүлүшүн себеп көрсөттү.
Түркия Улуу Улуттук Жыйыны (TBMM) өзгөчө кырдаалдын 3 айлык мөөнөткө дагы бир жолу узартылышына чечим чыгарды.
Өзгөчө кырдаалдын 19-январь бейшемби күндөн тарта дагы 3 айга узартылышы тууралуу Премьер-министрликтин уруксат документи Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы кеңешинде кабыл алынды.
Фетуллахчы террор уюму/ параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин себебинен 20-июлда чыгарылган чечим менен күчүнө кирген өзгөчө кырдаал, мындан мурда 19-октябрда 3 айга узартылган.
Вице-премьер Нуман Куртулмуш, Жалпы кеңештеги сөзүндө өзгөчө кырдаалдын узартылышына ФЕТӨ түзүлүшүн себеп көрсөттү.
Азырынча ФЕТӨнүн мамлекеттен тазалануусунун соңуна чыга электигин белгилеген Куртулмуш: «ФЕТӨнүн жана бардык террор уюмдарынын мамлекеттин ичинен тазаланышын камсыздаганга дейре өзгөчө кырдаал улана берет. Мамлекеттин улуттук коопсуздугу жагынан керектүү, мажбурдуулук. Себептерди жоюп жолубузду улантабыз. 3 айга узартылышы туура жана орундуу чечим»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.