Чавушоглу кол салууну пландаган террористтин өздүгү аныкталганын билдирди

Аны Анадолу агенттигинин редакциясында суроолорго жооп берген тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу маалымдады.

643922
Чавушоглу кол салууну пландаган террористтин өздүгү аныкталганын билдирди

Стамбулдагы Ортакөй районунда жаңы жыл түнүндө түнкү клубда 39 киши каза болгон кол салууну пландаган террористтин өздүгү аныкталды.

Аны Анадолу агенттигинин редакциясында суроолорго жооп берген тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу маалымдады.

Чавушоглу кол салууну уюштурган кишинин өздүгүн аныктагандарын жана анын байланыштарын табыш үчүн иштерин улантып жаткандарын айтты.

Бул учурда, кол салууга байланышы бар делген шектүүлөргө карай Измирде башталган операцияда ДЕАШка мүчө экени айтылган 20 киши кармалды.

Борнова жана Бужа райондорунда атайын кыймыл полицияларынын колдоосу менен түнкү сааттарда 4 адреске операциялар жүргүзүлүп Дагестан, Чыгыш Түркстан жана Сирия тектүү 11и аял 20 шектүү кармалды.

Шектүүлөр жашап жаткан үйдөгү тинтүүлөрдө көзгө атар мерген жана түнкүсүн көрүүчү дүрбү, паласка, рюкзак, GPS, айрым аскердик материалдар табылды.

Шектүүлөрдүн Ортакөйдөгү террордук кол салууну кылган шектүү менен Коньяда чогуу жашагандары айтылууда. Шектүүлөрдүн суракка алынууларынан кийин жаңы камакка алуулар болушу ыктымал.



Тектеш кабарлар