АКШ менен ишеним маселебиз бар

Мевлүт Чавушоглу АКШ менен Түркиянын учурда ишеним кризиси болуп жатканын айтты.

644231
АКШ менен ишеним маселебиз бар

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШ менен учурда ишеним кризиси болуп жатканын айтты.

Анадолу агенттигинин редакциясында суроолорго жооп берген Чавушоглу, АКШнын Түркия үчүн абдан маанилүү шериктеш экендигин, бардык тармакта кызматташтык бар экенин белгилеп, «Бирок учурда бир чындык бар; ал да ишеним кризиси. Эл Бабда абадан колдоону көрө албадык. Элибиз «Инжирлик базасында (АКШнын учактарын) эмнеге кармап турасыңар?-деп сурап жатышат»,-деди.

Сириядагы ок атпоого да токтолгон Чавушоглу, ок атпоонун уланган учурунда 23-январда сүйлөшүүлөрдүн баштала турганын билдирди.

Мевлүт Чавушоглу саясий чечим табуу үчүн абдан аракет кыла тургандарын, ок атпоо жана туруктуу тынчтык аракеттерин уланта тургандарын айтты.

Чавушоглу ок атпоо келишиминин күчүнө киришинен кийин Хизбуллах, шиит топтор жана режимдин бузууларды кылганын белгилеп, «Күчөп бараткан бузууларды токтотпосок Астана процесси үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Иран бул кепилдикти кылышы керек. Ар ким өз милдетин аткарышы керек. Ок атпоону бузган тараптарга кайсы санкциялар ишке ашырылат. Ар ким кол койду. Режимин кепили Орусия. Оппозициянын кепили Түркия»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын Астанада өткөрүлүшү пландалган сүйлөшүүлөргө катышпоосу керектигин Орусия менен сүйлөшкөндөрүн, Орусиянын да муну түшүнгөнүн айтты.

АКШнын бул процесстен четке кагылбаганын белгилеген Чавушоглу, «Бул процесстен эч кимдин четке кагылышы сөз болгон жок. Астанага БУУда катышат. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын да болушу темасында макулдаштык»,-деди.



Тектеш кабарлар