Премьер - министр Багдатка сапар менен барат

Премьер – министр Бинали Йылдырым 5 – 6 -  январда Иракка сапар менен барат

642945
Премьер - министр Багдатка сапар менен барат

 

Премьер – министрликтин маалыматына караганда премьер – министр Йылдырым оболу борбор шаар Багдатта Ирактын премьер – министри Хайдар Ибади менен жолугушат. Андан кийин да Эрбилде Ирак күрт башкаруусунун төрагасы Месут Барзани менен жолугушат.

Акыркы болуп 2014 -  жылы ал мезгилдин премьер – министри Ахмет Давутоглу Багдат жана Эрбилге барган. Андан кийин декабрь айында да Ибади Анкарага сапар менен келген.

Акыркы мезгилде Ирак менен Түркиянын ортосунда башта Мусул жакындарындагы Башика лагериндеги түрк аскерлеринин жайгашуусу тууралуу маселелердин чечилиши үчүн сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. 2016 – жылдын май айында болсо Ирак 5 ай кечигүү менен Анкарага элчи дайындады. Бирок 2016 -  жылы октябрь айында кайрадан кризис чыкты. 1 -  октябрда чогулган  Түркия Парламенти Ирак жана Сирияга чек аранын тышына операция маселеси тууралуу өкмөткө берилген жоопкерчиликти 2017 -  жылга чейин узартты.

Башикадагы түрк куралдуу күчтөрүнүн жайгашуусуна каршы чыккан Ирак парламенти болсо 5 -  октябрда түрк аскерлеринин өлкөгө жайгашуусуна соң берип, Башика лагерин бошотуусун айткан. Бул тууралуу маалыматтан кийин да карым – катнаштар  дагы начарлаган.

Бир тараптан Түркиянын Мусулду террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясы тууралуу кээ бир жоопкерчиликтери да бар. Анкара Мусулда демографиялык түзүлүштүн өзгөрүшүнөн тынчсызданууда. Мусул Ирактын эң чоң үч шаарынын бирөөсү. 2014 -  жылы июнь айында  террордук уюм ДЕАШ шаарын колго алган болчу. Бирок кийинчерээк эки өлкө бири бирине делегацияларды жиберүү менен кан басымын төмөндөтүүгө аракет кылып, оң маалыматтар берилди.



Тектеш кабарлар