Эл Бабды террористтерден тазалоо операциялары жүрүп жатат

Сириянын түндүгүнө карай 24-августта башталган «Евфрат калканы» кыймылы уланууда.

643006
Эл Бабды террористтерден тазалоо операциялары жүрүп жатат

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириядагы орчундуу Эл Баб аймагынын террористтерден тазаланышы үчүн жүргүзүлгөн операциянын алкагында террор уюму ДЕАШка мүчө 18 террорист жок кылынды, 37 террорист оор жаракат алды.

Башкы штаб төрагалыгынын маалыматтындыруусуна караганда ДЕАШ баштаган террор уюмдарынын коркутууларын четке кагып чек ара коопсуздугубузду күчтөнтүү жана коалиция күчтөрүнө колдоо көрсөтүү максаты менен Сириянын түндүгүнө карай 24-августта башталган «Евфрат калканы» кыймылы уланууда.

Кыймылдын 133-күнүндө оппозциячыл топтордон турган Атайын милдеттүү кыймыл топтору тарабынан абадан жана кургактыктан коштолгон тынымсыз бомбалоолор менен Эл Бабдын террористтерден тазаланышына карай пландуу кыймылынын алкагында террор уюму ДЕАШка таандык 150 бута атылды.

Айрыкча Түрк аба күчтөрү баш калкалоочу жай жана ок дары сактоочу жай катары колдонулган төрт бутаны атты.

Орусия Федерациясынын абадан чабуулунда да Дайр Как аймагында орун алган террор уюму ДЕАШ элементтери жок кылынды.

Террор уюму ДЕАШтан тазаланган аймакта да 25 колго жасалган жарылуучу зат зыянсыздаштырылды.

Ушуну менен бүгүнкү күнгө дейре 2604 колго жасалган жарылуучу зат жана 43 мина зыянсыздаштырылды.



Тектеш кабарлар