Террор менен күрөшүү

Операцияларда террордук уюм тарабынан колдонулган көп сандаган баш калкалоочу жер жардырылып, чоң өлчөмдө ок – дары колго түшүрүлдү

642529
Террор менен күрөшүү

Ички иштер министрлиги акыркы бир жуманын ичинде террордук уюмдарга карата операцияларда жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү 26 террористтин өлтүрүлгөндүгүн жарыялады.

Ички иштер министрлигинин маалыматында коопсуздук, жандармерия жана түрк куралдуу күчтөрү тарабынан террордук уюм ПКК/КЖКга 274 операция жүргүзүлгөндүгү билдирилди.

Акыркы бир жуманын ичинде коопсуздук күчтөрү тарабынан жикчил террордук уюмга жардам бергендиги белгиленген 342 киши көзөмөлгө алынды. Көзөмөлгө алынгандардан 34 киши камоого алынды.

Операцияларда террордук уюм тарабынан колдонулган көп сандаган баш калкалоочу жер жардырылып, чоң өлчөмдө ок – дары колго түшүрүлдү.

Фетуллахчы террордук уюм  менен күрөшүүнүн негизинде 475 киши көзөмөлгө алынды. 116 киши тууралуу камоо чечими чыгарылды. Террордук уюм ДЕАШ менен байланышы бар экендиги белгиленип, көзөмөлгө алынган 147 кишиден 25 киши камоого алынды.

 



Тектеш кабарлар