Стамбулдагы террор кол салуусуна өлкө ичинен каршы чыгуулар

Бекир Боздаг, Стамбулдагы террордук кол салуу тууралуу эч бир террордук кол салуунун Түркиянын террор менен таасирдүү күрөшүүсүн зыянга учурата албай турганын билдирди.

641792
Стамбулдагы террор кол салуусуна өлкө ичинен каршы чыгуулар

Адилет министри Бекир Боздаг, Стамбулдагы террордук кол салуу тууралуу эч бир террордук кол салуунун Түркиянын террор менен таасирдүү күрөшүүсүн зыянга учурата албай турганын билдирди.

Боздаг террордук кол салуу болгондон кийин твиттер эсебинен жазуу түрүндөгү жарыясында кол салууда каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жакындарынын кайрат кылышын жана жаралуулардын тез сакайып кетишин тиледи.

Боздаг буларды жазды: « Стамбулдагы мыкаачылык террор кол салуусун кылган террористке, кол салуу буйругун бергендерге жана кол салууга жардам бергендерге наалат айтамын. Бул Түркиябызга, ынтымагыбызга, биримдигибизге, туугандыгыбызга жана бардыгыбызга каршы жасалган мыкаачылык террор кол салуусу. Эч бир торрордук кол салуу биздин ынтымагыбызды буза албайт, туугандыгыбызды жок кыла албайт, Түркиянын террор менен таасирдүү күрөшүүсүн зыянга учурата албайт. Террордун тамырын жулуш үчүн Түркия, мындан мурда болгону сыяктуу мындан кийин да чечкиндүү жана таасирдүү күрөшүүсүн улантып, террорду соңуна чыгарат».

Транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Ахмет Арслан да Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда иштеп жаткандар менен жолукканы барганда, «Стамбулдагы террор окуясы, террордун ыпылас, канкор, арсыз жүзүн буд кечте дагы бир жолу көрсөттү»,-деди.

Түркиянын 79 миллион калкы менен 15-июлда болгону сыяктуу террордун ар түрдүүсүнө каршы акырына чейин күрөшүүсүн улантып жатканын белгилеген Арслан: «Өлкөбүздүн чек араларынын тышында, өлкөбүзгө жана тынчтыгыбызга кастык кылган террор уюмдары же террористтерге каршы чек аранын тышында да күрөшүүбүз акырына чейин уланат»,-деди.

Арслан террор менен күрөшүүнүн акыркы террорист өлкөдөн тазаланганга дейре улана турганын билдирди.

Дин иштери башкармалыгынын башчысы Мехмет Гөрмез да социалдык медиа тармагынан, «Бул адамзаттыкка жатпаган кыргын салуунун бир базарда, сыйынуучу жерде же көңүл ачуучу жерде болушунун ортосунда эч кандай айырма жок»,деген маалыматын берди. Террористтердитн бутасынын жерлер эмес, адамдар, өлкө, улут жана жапыр адамзат болгонун баса белгилеген Гөрмез: «Террор кайдан, кимден жана кимге келсе келсин эч качан кабыл алынбайт»,-деди.

 



Тектеш кабарлар