Халебге жардам конвоюн узатуу аземи

Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Кая Халебге (Алеппо) жардам конвоюнун Малтепе жээгинин иш-чара өтүүчү аянтында уюштурулган узатуу аземине катышты.

640979
Халебге жардам конвоюн узатуу аземи
Fatma Betül Sayan Kaya.jpg
Fatma Betül Sayan Kaya.jpg

Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Кая, Түркиянын Сирия үчүн таштаган кадамдарына шилтеме кылып, чечкиндүүлүк менен уланган дипломатияга көңүл бурду.

Кая: «Туугандык үчүн жапырт жардамдын» алкагында Түрк Кызылайы жана жергиликтүү башкаруучулардын кызматташтыгы менен даярдалган Халебге (Алеппо) жардам конвоюнун Малтепе жээгинин иш-чара өтүүчү аянтында уюштурулган узатуу аземине катышты.

Министр Кая сөзүндө Халебден куткарылып өткөн аптада Түркияга алып келинген Бана Алабед жана үй-бүлөсү менен жолукканда болгондорду түшүндүрдү.

Бананын өзүнө «Бардык сириялык балдардын атынан сизге ырахматымды айтамын» дегенин баяндап берген министр Каянын алган жообу болсо уккандарды ыйлатты.

Бананын бир тууган бөбөгүн атасынын кучагынан алып кучактагысы келген министр Саян Кая: «Атасынын кучагынан түшкүсү келген жок. Себебин сурасам бомбалар атылып жатканда коркконунан ар дайым атасын кучактаганын жана дагы эле ошол психологиядан кутула албаганын айтышты»,-деди.

Халебде болгон кыргындарды социалдык медиадан бүткүл дүйнөгө жарыялаган халебдик кичине кыз Бана Алабед жана үй-бүлөсү президент Режеп Тапййип Эрдоган тарабынан да кабыл алынган.



Тектеш кабарлар