Билим берүү министри Сауд Аравия королдугунун Анкарадагы элчисин кабыл алды

Кызмат мөөнөтү соңуна чыккан Элчи Мердад Түркияда кызмат кылган 3 жылдын ичинде карым – катнаштарда чоң өнүгүүлөрдүн болгондугун белгиледи

641138
Билим берүү министри Сауд Аравия королдугунун Анкарадагы элчисин кабыл алды

Билим берүү министри Исмет Йылмаз  коштошуу жолугушуусун өткөргөн Сауд Аравия королдугунун Анкара элчиси Адел Сираж Мердадды кызмат орундугунда кабыл алды. Кабыл алууда Түркия жана Сауд Аравиянын бирдикте иштешинин маанисине токтолгон Исмет Йылмаз Элчинин кызмат мөөтүнүн ичинде эки  өлкөнүн карым – катнаштарынын жакшы өнүккөндүгүн белгиледи. Йылмаз  Сауд Аравиянын өзгөчө Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылы жана андан кийин өкмөт менен түрк калкынын жанында тургандыгын билгендигин белгилеп рахмат айтты.

Кызмат мөөнөтү соңуна чыккан Элчи Мердад да Түркияда кызмат кылган 3 жылдын ичинде карым – катнаштарда чоң өнүгүүлөрдүн болгондугун белгиледи.



Тектеш кабарлар