Косованын президенти Анкарада

Хашим Тачини Эсенбога аэропортунда үй - бүлө жана социалдык саясаттар министри тосуп алды

639960
Косованын президенти Анкарада

Косованын президенти Хашим Тачи президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен кечээ Түркияга келди. Хашим Тачи Косованын президенти сыпаты менен Түркияга алгачкы сапарын жасады. Конок президентти Анкара Эсенбога аэропортунда үй – бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Кая тосуп алды. Хашим Тачи бүгүн президенттик комплексте расмий түрдө тосуп алынат.

Президент Эрдоган жана кесиптеши оболу жекеме – жеке сүйлөшкөндөн кийин делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө жетекчилик кылат.

Эки лидер андан кийин пресс – жыйын өткөрөт. Сапар Түркия – Косова карым – катнаштарынын бардык жактары менен каралышы, аймактык жана эл аралык маселелерге байланыштуу кызматташтыктын дагы да өнүктүрүлүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт.



Тектеш кабарлар