Ылгаз тоосу туннели ачылууда
Туннелдин экономикага кошкон салымы болсо 38 миллион 200 миң лира болору болжолдолууда
Ич Анадолуну Батыш Кара деңизге байланыштыра турган «Ылгаз 15 - июль эркиндик туннели» бүгүн Президент Р. Т. Эрдоган жана премьер – министр Бинали Йылдырымдын катышуусу менен ачылат. Кириш жана чыгыштары акуланын оозу сыяктуу пландалган, бирөөсү 5 миң 370, бирөөсү да 5 миң 391 метрдик эки трубадан турган туннель өзгөчө кыш айларында авто жол кырсыктары менен күн тартибине келген Ылгаз тоосунда транспорттун дагы ылдамдык жана коопсуздугун түзүү максат кылынууда.
Туннель ачылгандан кийин 16, 8 километр болгон Ылгаз тоосу жолунун узундугу 5,4 километр кыскарып, 11, 4 километрге түшөт. Жолдо бир кыйынчылык болбосо 35 минутада өтүлгөн Ылгаз тоосу жолун өтүү мөөнөтү 8 минутага түшөт. Проектиси даярдалган туннелдердин арасында 3 - орунда турган туннель колдонула баштаганда «авто жолго ачык эң узун туннель» болот.
Туннель менен орточо саякат убактысында жылдык 345 миң 655 саат, күйүүчү май каржоодо да 8 миллион 300 миң литр үнөмдөлүшү күтүлүүдө. Кирешелери булар менен эле калбастан туннелдин экономикага кошкон салымы болсо 38 миллион 200 миң лира болору болжолдолууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.
Эрдоган жөөт жарандарын Пасах майрамы менен куттуктады
Президент Эрдоган Пасах майрамына байланыштуу куттуктоо жарыялады.