Согуштан жапа чеккен балдарды түрк үй-бүлөлөрү коргоп жатат

Түркияга баш калкалаган балдардан 38ни түрк коргоочу үй-бүлөлөрү багып алды

638210
Согуштан жапа чеккен балдарды түрк үй-бүлөлөрү коргоп жатат

Түрк коргоочу үй-бүлөлөрү согуштан жапа чеккен балдардын да үй-бүлөсү болду...

Сирия менен катар Ирак жана Ооганстандан да Түркияга баш калкалаган багар-көрөрү жок балдардан 38и түрк коргоочу үй-бүлөлөрдүн жанына жайгаштырылды.

Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министрлиги тарабынан согуштан жапа чеккен балдардын бир бөлүгү болсо «Мээримдүүлүк үйлөрү» сыяктуу мекемелерге жайгаштырылды.

Өз үй-бүлөлөрү менен жашаган 2 миң 273 чет элдик балага да Социалдык экономикалык колдоо кызматынын алкагында финансылык жардам көрсөтүлүүдө.



Тектеш кабарлар