«Евфрат калканы» кыймылынын акыркы баскычы террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү максатынын алкагында болот

Калын Президенттик комплексинде маалымат жыйын өткөрдү.

638140
«Евфрат калканы» кыймылынын акыркы баскычы террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү максатынын алкагында болот

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Сириянын Халеб шаарынан 44 миң кишинин чыгарылып Иблибге алып барылганын айтты.

Президенттик комплексинде маалымат жыйын өткөргөн Калын, учурда да Идлибде бул адамдардын негизги муктаждыктарынын камсыздалышы үчүн ар түрдүү чаралар көрүлгөнүн белгиледи.

Түркиянын Эл Бабдын айланасында жүрүзгөн «Евфрат калканы» кыймылынын акыркы баскычынын террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү максатынын алкагында болгонун белгилеген Калын: «Ар мүмкүнчүлүктө ДЕАШ менен күрөшүү темасында Түркияга бир канча сындоолорду айткан чөйрөлөрдүн, Азез-Жераблус багыты, Дабык жана Эл Бабдын айланасында жүргүзүлгөн операцияларга керектүү колдонуу көрсөтпөөлөрү кабыл алынгыс»,-деди.

Эл Бабдын айланасында акыркы жумада ок атышуулар жана операциялардын тыгыздашканын баса белгилеген Калын: «Бул жерде өзгөчө жарандык жоготуулардын болбошу үчүн Түрк куралдуу күчтөрүнүн аяр мамиле кылганын баса белгилегим келет. Өткөн аптада жүргүзүлгөн операциялардын алкагында жүздөгөн ДЕАШ бутасы ошол жерде талкаланды жана 226 ДЕАШ террористи жок кылынды. Бул операциялар да уланууда жана мындан ары да чечкиндүү түрдө уланат. Бул, биздин улуттук коопсуздугубуз жагынан зарылдык жана ДЕАШ менен күрөшүүдө чындыгында эң маанилүү баскычтарынан бирин өкүлдүк кылууда»,-деди.

Калын, террор уюму ДЕАШтын Раккадагы жанкечтисин Эл Бабга жөнөткөнү жөнүндө айтымдарга, «Бул террор уюмунун аянттагы ар кыл кыймылдуулугуна байланыштуу нерсе, чалгындоо бөлүктөрүбүз, Башкы штабыбыз иштерин улантууда жана чараларын көрүшүүдө. Аянтта кандай түрдөгү кыймылдуулуктарды кылса дагы, бул темада Түркиянын чечкиндүүлүгү так түрдө уланат, бул операциялар бүтүрүлөт»,-деп айтты.

Сирияда жердин бүтүндүгүн камсыздай турган жана бардык катмарларды өкүлдүк кыла турган адилеттүү башкаруу курулбастан согуштун аякташынын мүмкүн болбогонун белгилеген Калын: «Алты жылдан бери уланган заманбап доордун эң кандуу согушун эми кандайдыр бир түрдө токтотууга аргасызбыз. Бул темада ар ким, бардык өлкөлөр милдетттерин аткарууга тийиш. Бул жерде бардык тараптарга Орусиядан Иранга чейин, Европадан Бириккен Улуттар Уюумуна чейин, Америкага чейин албетте маанилүү жоопкерчиликтер түшөт. Конструктивдүү мамиле кылуу, маселени чечүүгө багыт алуу бул жерде чоң мааниге ээ. Биздин мамилебиз ушундай»,-деп айтты.

Ибрахим Калын, Орусиянын Анкарадагы элчиси Карловдун куралдуу кол салууда курман болушу тууралуу, «Бизге келип түшкөн бардык маалыматтардын негизинде, бардык багыттар учурда ФЕТӨ менен байланышын абдан так түрдө көрсөтүүдө. Ал террордук кол салуу, киши өлтүрүү кылмышы менен бул ФЕТӨ жана анын аркасында турган башка күчтөр, максаттаган нерсесине жете алышкан жок. Б.а Түркия-Орусия жакындашуусун терсине айландыруу, бузуу, үзгүлтүккө учуратуу, жаңы кризис жаратуу үчүн кылган мыкаачылык кол салуу киришүүсү максаттарына жеткен жок»,-деди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар