Денизлиден Халепке жардам

12 фура жардам материалы Халептен эвакуацияланган сириялыктарга жеткирүү үчүн жолго чыкты

637737
Денизлиден Халепке жардам

Денизлиде «Халепте адамзаттык өлбөсүн» деген ураан менен башталган кампаниянын негизинде жарандардын жана түрдүү жарандык коом мекемелеринин жардамы менен чогултулган 12 фура жардам материалы Халептен эвакуацияланган сириялыктарга жеткирүү үчүн жолго чыкты.

Денизли губернаторлугунун жол башчылыгында башталган кампания менен түрдүү жарандык коом мекемелери, кабинет жана биржалардын, жарандардын кошкон салымы менен чогултулган жардам материалдарынын жиберилиши менен 15 -  июль Деликличынар шейиттери аянтында азем өткөрүлдү.

Денизли губернатору Ахмет Алтыпармак аземде сүйлөгөн сөзүндө ислам дүйнөсүндө көптөгөн кыйынчылыктын болуп жаткандыгына көңүлдөрдү буруп, Халептин бир ислам жана ошол эле учурда түрк шаары экендигин баса белгиледи.

Халептеги кыйынчылыктын токтошунда  баарына жоопкерчиликтин түшкөндүгүн баса белгилеген губернатор Алтыпармак денизлиликтердин Халепке жардам берүү тууралуу өзүнө түшкөндү аткаргандыгын айтып, буга окшогон кыйынчылыктардын дагы бир жолу болбошун каалады. Жардам фуралары Денизли муфтийи Мехмет Ашыктын дуасынан кийин Халепке жиберилди.
 

 



Тектеш кабарлар