Эрдоган «Жылдын мыкты фотосүрөттөрү» үчүн өз добушун берди

Президент Эрдоган үч фотосүрөттү мыкты деп тандады

636419
Эрдоган «Жылдын мыкты фотосүрөттөрү» үчүн өз добушун берди
cumhurbaşkanı aa yılın fotoğrafları3.jpg
cumhurbaşkanı aa yılın fotoğrafları2.jpg
cumhurbaşkanı aa yılın fotoğrafları1.jpg

Президент Режеп Тайип Эрдоган Анадолу агенттигинин «Жылдын мыкты фотосүрөттөрү» добуш берүүсүнө катышты.

Президент Эрдоган «жаңылык», «жашоо» жана «спорт» категорияларындагы 3 фотосүрөт үчүн өз добушун берди.

Эрдоган жаңылык категориясында Кайхан Өзердин Стамбулдагы «Йеникапы митинги» аянтында өткөрүлгөн «Демократия жана шейиттер митингинде» тартып алган фотосүрөткө добушун берди.

Жашоо категориясында болсо Эрдоган, Жем Генжонун Сириянын Идлиб шаарында режим күчтөрүнө таандык согуштук учактардан атылган баррель бомбанын себебинен эки бутунан, оң колунун манжаларынан, көздөрүнөн жана угуу органынан ажыраган 27 жаштагы Мамун Халит Насырдын 5 жаштагы кызы Гөзйашынын, атасынын дарыланса болоорун уккандагы кубанычын чагылдырган «Гөзйашынын атасы үчүн чакырыгына жооп кайтарылды» деген фотосүрөттү тандады.

Президент Эрдоган спорт категориясында болсо Бүлент Дорук тарткан Спор Тото Супер Лигасынын 33-жумасында Османлыспор менен Водафон Аренада ойногон оюнду жеңип, сезиондун аякташына бир жума калганда чемпиондугун жарыялаган Бешикташтын машыктыруучусу Шенол Гүнештин кубанычын чагылдырган «Шенол Гүнеш» аттуу фотосүрөткө добуш берди.



Тектеш кабарлар