Эл Баб толук курчоого алынды

«Евфрат калканы» кыймылынын 120-күнүндө( кечээ) жүргүзүлгөн операцияда 14 аскер шейит болду.

635439
Эл Баб толук курчоого алынды

Сириянын түндүгүнүн террор элементтеринен тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылынын 120-күнүндө( кечээ) жүргүзүлгөн операцияда 14 аскер шейит болду. Кечээ бир күн бою болгон кагылышуулар жана кыймылдардын жыйынтыгында террор уюму ДЕАШка мүчө 138 террорист жок кылынды. Террор уюму ДЕАШка таандык 67 бута атылды.

Түрк куралдуу  күчтөрүнүн жарыясына караганда «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында, бул операция менен Сириянын Эл Баб шаары толугу менен Эркин Сирия армиясы жана түрк аскерлери тарабынан курчоого алынды.

Операциянын алкагында оппозициячылдардан турган Атайын милдеттүү күч топтору тарабынан абадан жана кургактыктан тынымсыз ок атуунун коштоосунда Эл-Бабдын каратылышына карай алга кыйымылы улантылды жана Эл Баб-Халеб жолунда толук көзөмөл камсыздалды.

Көп сандаган террорист жаракат алганы жана турган жерлеринен чыгарып кетүүлөрү ок жаап жатканынан мүмкүн болбогону рациядагы сүйлөшүүлөрүнөн белгилүү болду.

«Евфрат калканы» кыймылынын алкагында курчалган Эл Бабдын отурукташкан маалаларынын каратылышына карай кыймылдар да уланууда.

Айрыкча түштөн кийин 3 башка аймакта бомбалуу унаалар  менен кол салуулар болуп 14 аскер шейит болду, жаралуу 33 аскер дарыланып жатат.



Тектеш кабарлар