Сирия тууралуу саммити Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлүүдө

Астана демилгеси президент Р. Т. Эрдогандын орус кесиптеши В. Путин менен өткөн жумада ишке ашырылган телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө күн тартибине келген

634225
Сирия тууралуу саммити Орусиянын борбор шаары Москвада  өткөрүлүүдө

Түрк, орус жана ирандык тышкы иштер министрлеринин Сирия тууралуу саммити Орусиянын борбор шаары Москвада бүгүн өткөрүлүүдө.

3 өлкөнүн министрлери Сириядагы адамзаттык кризисти чечүү үчүн ташталышы керек болгон кадамдар тууралуу сүйлөшүүдө. Саммиттин биринчи отурумуна тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф катышууда. Жыйындын экинчи бөлүмүндө коргоо министрлери да орун алат.

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык да катыша турган жыйындын биринчи күн тартип беренеси Халептеги жарандардын ишенимдүү түрдө эвакуацияланышы жана гуманитардык жардамдар болот. Катышуучулар Сирияда режим жана оппозициянын чечүүчү жолун  Казакстандын борбор шаары Астанада сөз болушу тууралуу пикир алышууларда болушат.

Астана демилгеси президент Р. Т. Эрдогандын орус кесиптеши В. Путин менен өткөн жумада ишке ашырылган телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө күн тартибине келген.



Тектеш кабарлар