Террор менен күрөшүү

ПКК мүчөсү 7 террорист өлтүрүлдү

633657
Террор менен күрөшүү

Акыркы бир жуманын ичинде  өлкө ичинде жүргүзүлгөн операцияларда жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү 7 террорист өлтүрүлдү.

Ички иштер министрлиги террор менен күрөшүүгө байланыштуу бир жумалык сандарды бөлүштү. Ушуга караганда ПКК/ КЖК террордук уюмуна карата 45 облуста жүргүзүлгөн операцияларда уюмга жардам бергендиги белгиленген 924 киши камоого алынды.
Жандармериялык атайын кыймыл, полициялык атайын кыймыл, жандармериянын десанттык бөлүктөрү жана түрк куралдуу күчтөрүнө таандык аскердик учактар менен жалпы 213 операция жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн операцияларда террористтер колдонгон 24 баш калкалоочу жер, 21 граната жардырылды.

Чет элдик террористтер менен күрөшүүнүн негизинде болсо ДЕАШ террордук уюмуна мүчө 5 киши камалды. 163 – жээк коопсуздук командирлиги тарабынан 2.002 киши деңиздерде кармалды. Террордун финансыланышына бөгөт болууга карата ишке ашырылган наркотикалык заттарга карата операцияларда да террордук уюм ПККга чоң сокку урулду.



Тектеш кабарлар