Террор менен күрөшүү жалпыбыздын милдетибиз

Эрдоган Трабзонго келгенде аэропорттун алдында өзүн күтүп турган жарандарга кайрылды.

632713
Террор менен күрөшүү жалпыбыздын милдетибиз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террор аяктай турганын, жеңген бул улут боло турганын айтты.

Эрдоган Трабзонго келгенде аэропорттун алдында өзүн күтүп турган жарандарга кайрылды.

Сөздөрүн террордук кол салууларда шейит болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун тилөө менен баштаган Эрдоган, « (Эч шексиз Алла таала жолунда өлтүрүлгөндөрдү өлдү дей албайсыз, алар тирүү бирок сиз биле албайсыз)деп буюрат Улуу Жаратканыбыз»,-деп айтты.

Кайсеридеги террордук кол салууларга шилтеме кылып мындай кыймылдардын жолубуздан баш тарттыра албай турганын айткан Эрдоган, Катар мамлекетинин эмири шейх Темим бин Хамед Ал Сани менен боло турган Түркия-Катар Жогорку деңгээлдеги стратегиялык комитеттин 2-жыйналышын жана ачылыш аземин кийинкиге жылдырбагандарын маалымдады.

Эрдоган бүгүн да Акйазы спорт комплексинин ачылышында атуулдар менен жолуга турганын жана мунун биримдик жана жооп берүү болуп санала турганын айтты.

Эрдоган: «Бул улут, бараткан жолунда бир денедей. Ар дайым айтамын бир болобуз, ири болобуз, тири болобуз, тууган болобуз, баарыбыз бирге Түркия болобуз. Террористтерди акыры жеңип чыгабыз. Тарых бою бул улут кресттүүлөр жана башка бир топтору менен күрөшүп келди. Негизги маселе сиздер араңарга мындайларды киргизбегиле»,-деп айтты.

Атуулдарга «Кайда ким бар, кимди билесиз, дароо коопсуздук уюмдарыбызга муну билдиргиле», деген чакырык салган Эрдоган, мунун жалгыз эле коопсуздук уюмдарынын милдети болбогонун айтты.

Эрдоган айыл өкмөт башчыларынан да айылдарына ким көчүп келгенин коопсуздук бөлүктөрүнө билдирип турушун талап кылганын маалымдады. Эрдоган бүгүн саат 18:00де боло турган Акйазы спорт комплексинин ачылыш аземине атуулдарды чакырды.



Тектеш кабарлар