Стамбулда Халептеги адамзаттык трагедияга каршы митинг өткөрүлдү

Митингге Түркияда жашаган сириялык баш калкалоочулар да катышты

630867
Стамбулда Халептеги адамзаттык трагедияга каршы митинг өткөрүлдү

Сириянын Халеп шаарында болгон адамзаттык таргедияга каршы Стамбулда митинг өткөрүлдү.

Ирандын Стамбул башкы консулдугунун алдына чогулган жарандык коом мекемелеринин мүчөлөрү Сирия режими, Иран жана Орусияга нааразылык билдиршти.  Элүүдөн ашуун жарандык коом мекемелери колдоо көрсөткөн митингге Түркияда жашаган сириялык баш калкалоочулар да катышты.

Жагалоглундагы башкы консулдук имаратынын жакынында чогулган группа Асад режимине колдоо берген Иранга каршы чыкты. Бул  жерде группанын атынан пресс – жыйын өткөрүлдү.

Пресс – жыйында  : «Сириянын этникалык жана сектанттык түзүлүшүн өзгөртүүнү каалаган зулумчулдук системаларын түбөлүк кылуу үчүн жүргүзгөн саясаттары бүгүн Халепте 300 миң кишини ачкачылыкка, суусуздукка жана көчүүгө мажбурлоодо»,- деп айтылды.

Ирандын Сирияда сектанттык жайылуу саясатын жүргүзгөндүгү баса белгиленген пресс – жыйында : «Сирияда 5 жылдан бери миллиондогон киши качкын болуп өлкөнү же жашаган жерлерин таштап кетишти. Миңдеген киши, бала – чака, аял, кары – картаң дебестен өлтүрүлдү. Качкын катары Европага барууну каалаган канчалаган Айлан бөбөктөрдүн сөөгү Жер Ортолук деңизинде, Эгей деңизинде жээкке чыкты»,- деп айтылды.

Кенен коопсуздук чарасын көргөн полиция группанын Иран башкы консулдугуна жакындоосуна уруксат берген жок.



Тектеш кабарлар