Англиянын премьер-министри президент Эрдоганга көңүл айтты

Тереза Мэй Стамбулда 44 киши каза болгон террор кол салуусунан кийин президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон аркылуу байланышып көңүл айтты.

629088
Англиянын премьер-министри президент Эрдоганга көңүл айтты

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй Стамбулда 44 киши каза болгон террор кол салуусунан кийин президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон аркылуу байланышып көңүл айтты.

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка караганда Мэй, президент Эрдоган менен сүйлөшүүсүндө түрк калкынын кайгыларын тең бөлүшкөнүн белгилеп, мыкаачылык кол салууда шейит болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин тиледи.

Мэй кол салууга катуу капа болгондорун айтып, президент Эрдоганга жана ал аркылуу бүтүндөй түрк калкына кайрат айтты.



Тектеш кабарлар