Түркия Грециянын Коргоо министрин катуу айыптады

Панос Камменостун Түркияга карай айткан сөздөрүнүн провакация болгону билдирди.

627406
Түркия Грециянын Коргоо министрин катуу айыптады

Улуттук коргоо министрлиги, Грециянын коргоо министри Панос Камменоско катуу каршылык көрсөтүп, Түркияга карай айткан сөздөрүнүн провакация болгонун билдирди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Тарбия, түшүнүк жана жоопкерчиликтен кем калган жаңы маалыматтарынын себебинен Грециянын Коргоо министрин катуу айыптап, өлкөбүзгө карай айткандарын өзүнө кайтарып беребиз. Греция менен бир топ маанилүү эки тараптуу жана аймактык темаларда кызматташууга аракет кылынган ушул мезгилде, аты аталгандын өлкөбүзгө карай жоопкерчиликсиз айткандары чагымчылык  болуп , жогоруда айтылган аракеттерди бузууга багытталган. Биз Грециядан ушундай жоопкерчиликсиз мамиленин ордуна кызматташтык жана орток түшүнүктү күчтөндүрө турган так кадамдар ташталышын күтүүдөбүз»,-деген сөздөргө орун берди.

Грек министр президент Эрдогандын мындан мурдагы «Лозанна» келишими тууралуу ачыктоолорун апыртып, «Каалашса «Севр» келишимине кайта алабыз»,-деген.

Бул окуя грек министрдин алгачкы чатагы эмес. Кипр маселелери жана президент Режеп Таййип Эрдоган туурасында, ар түрдүү мезгилдерде чээнден чыккан сөздөрдү айткан Камменоско Тышкы иштер министрлиги тарабынан бир канча жолу эскертүү айтылган.

Анда, «Камменосту мамлекеттик жоопкерчиликке жана олуттуулугуна ылайыктуу кыймыл кылып, мындан ары ушундай маалымдоолордон жана кыймылдардан алыс турууга дагы бир жолу чакырабыз»,деген сөздөргө орун берилген.



Тектеш кабарлар