Тышкы иштер министрлиги Грецияга каршы чыкты
Тышкы иштер министрлигинин катчысы элчи Хүсейин Мүфтүоглу : «Грециядан күтүүбүз козголоңчулардын тапшырылышы»,- деди
Түркия Грециянын Фетуллахчы террордук уюмдун 15 - июлдагы козголоң кыймылынан кийин өзүнө баш калкалаган козголоңчуларды тапшырбашына катуу каршылык көрсөттү.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы элчи Хүсейин Мүфтүоглу тема тууралуу буларды билдирди: «3 качкындын тапшырылышы кабыл алынып, 5 качкынды тапшыруу талаптарынын Афина апелляциялык соту тарабынан четке кагылышын түшүндүрүүдө кыйынчылык тартуудабыз»,- деди. Грецияга качкан 8 кишинин Түркияга тапшырылышына байланыштуу процесстин абдан жакындан иликтенип жаткандыгын белгилеген Мүфтүоглу : «Грециядан күтүүбүз козголоңчулардын тапшырылышы»,- деди.
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу НАТОнун тышкы иштер министрлер жыйынына катышуу үчүн барган Брюсселде шаршемби күнү журналисттердин берген суроосу боюнча Грецияга качкан козголоңчу аскерлердин Түркияга тапшырылышы тууралуу маалыматтарды берди. Грецияга баш калкалаган аскерлердин сегизинин да козголоңчу экендигин баса бегилеп, баарынын да Түркияга тапшырылышы керектигин айткан болчу.
Түркия менен Грециянын ортосунда эки тараптуу келишимдердин бар экендигин белгилеген Чавушоглу : «Биз эч качан укуктун тышына чыгалы дебейбиз. Бирок келишимдер, укук, эл аралык мыйзамдар жана келишимдер ортодо. Бул кишилердин тапшырылышы керек»,- деген.
Тектеш кабарлар
Министр Гүлер ливиялык командирди кабыл алды
Баш калаа Анкарадагы жолугушууда, Ливия менен аскердик билим берүү жана кеңешүү жараяны каралды.
Глобалдык нөл калдык жакшы ниет декларациясы
АКШга барган Эмине Эрдоган Жеффри Саксты Нью-Йорктогу Түрк үйүндө тосуп алды.