Европанын маселелери

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын макаласы.

627344
Европанын маселелери

«Алдыбыздагы жылда боло турган бир катар улуттук жана жергиликтүү шайлоолор менен бирге Европа саясаты өзүнөн шек санатуусун тереңдетип, байыркы материктин жалпысында популист, баш калкалоочуга каршы турган, исламофобия жана чет элдикке душмандыгын күүлөгөн саясат кылчудай сыяктанат».

Европа глобалдык кооптуулук, аймактык баш аламандык жана баш калкалоочуларды четке кагуучулук жаатында өжөрдөнгөн, потенциалдык жактан кулатуучу саясий популизм жана пайдалануучулук толкундануусуна туш болгон абалда. Бул тренд Брехит добушка салуусунан кийин Европа пикирин коркунучка салып, Европа Биримдигин начарлатуу коркунучун ортого чыгарууда. Алдыбыздагы жылда боло турган бир катар улуттук жана жергиликтүү шайлоолор менен бирге Европа саясаты өзүнөн шек санатуусун тереңдетип, байыркы материктин жалпысында популист, баш калкалоочуга каршы турган, исламофобия жана чет элдикке душмандыгын күүлөгөн саясат кылчудай сыяктанат. Эгерде Европа үйүндө күчтүү жана бириккен дүйнөдө көңүл буруучу катары калууну кааласа, европалык саясий лидерлер акыл эстүү баа берүүлөрдү кылышы керек.

Жогорулаган жаңы жикчилдик жана саясий пайдалануучулук туурасында олуттуу санааркоолору болгондор Австриянын президенттик шайлоолорунда Александр ван дер Беллендин ашкере оңчул Норберт Хоферди жеңип чыгышы менен жеңилдей түшүштү. Хофер түрктөр жана мусулмандар туурасында ачык түрдө жикчил көз караштарды бөлүшүү менен эле тим болбостон Европа Биримдигин суракка алуу үгүттөөлөрүн башында (кийин пикирин өзгөрттү) Брехит сыяктуу референдумду талап кылып чыккан. Шайланып калса Европанын алдыңкы өлкөлөрүнөн биринин алгачкы ачык ашкере улутчул жана исламофобик президенти болот эле. Хофер жеңилсе да ал жактаган жана жайган пикирлер калды. Ал жалгыз эле Түркиянын ЕБне мүчөлүгүнө каршы чыгып тим болгон эмес, ошол эле учурда түрктөрдүн жана мусулмандардын Австрияга барууларына да каршы болуп, бул саясий мамилеси бир топ Европа өлкөсүндө барган сайын жайылууда. Буга кошумча учурдагы Австрия өкмөтү Түркияга каршы талаштуу жана душмандай мамилесин дагы деле улантууда.

Австриядагы шайлоо жыйынтыктары Австрия жана Европадагы маселелер үчүн мусулмандарды, түрктөрдү жана мигранттарды күнөөлөөнүн шайлоо үкөгүнөн ар дайым ийгилик алып келбегени тууралуу аз болсо да үмүт нурун жандырды. Европада эң жок дегенде айрымдары чындыкты болгонундай көрсөтө алат; баш аламандуу маселелерди жалгыз бир себепке байланыштыруу жана белгилүү адам топторун күнөөлүү деп жарыялоо кыска мөөнөттүү саясий кирешелерди алып келет, бирок узун мөөнөттө маселелерди чечпейт. Эгерде европалык ашкере оңчул партиялар катардагы атуулдардын жаңылыш жерге жайгашкан коркунучтарынан кызыкчылык табуу жана элди жаман ойлор жана фанатизм менен күүлөөсүн улантып олтурса үмүтсүздүк сезимин, баш айлануучулукту жана жек көрүүнү тереңдетет жана Европанын чыныгы маселелерин чечүүдө ийгиликсиз болушат.

Алдыбыздагы жылда боло турган француз шайлоолорунда бул абалдын кайталанышын көрчүдөйбүз. Марин Ле Пен лидерлигин кылган Улуттук фронт, акыркы бир канча жылдын ичинде шайлоочу катмарынын кеңейгенин көрдү. Партиянын 2017-жылдагы президенттик шайлоолорунда маанилүү атаандаш болушу күтүлүүдө. Урматтуу Олланддын кайрадан талапкер болбой турганын жарыялашы жана социалисттердин анкеталардагы ийгиликсиздиги менен бирге Республикачылдар партиясынын (мурдагы аталышы Бириккен Элдик кыймылы же UMP) жана президенттикке талапкери Франсуа Фийондун бул саясий динамикаларга кандай каршылык көрсөтө турганын алдыдагы күндөрдө көрөбүз. Так көрүнгөн ошол эле мигранттарга каршы, глобалдашууга каршы, Түркия жана мусулмандарга каршы көз караштар, француз шайлоо үгүттөөлөрүнүн бир бөлүгү бойдон калууда. Франциянын Брехит моделин улай ЕБнен баш тартышы ыктымалдуу эмес. Бирок узун мөөнөттөн бери уланган интеграция, исламофобия, радикалдашуу, жумушсуздук маселелери жана Франциянын өздүк сезими жана эго түшүнүгү, Франциядагы социалдык жана саясий сахнага ээ болуусун улантат.

Немис саясаты алдыдагы жылдын жалпы шайлоолорунда ушундай эле маселелерге туш болчудай көрүнүүдө. Германиянын жана Европанын эң күчтүү лидери Ангела Меркель, жеңүү ыктымалдуулугу жогору болсо дагы көчкө каршы саясат жана Европа экономикасын күчтүү кармоо сыяктуу улам өсүп бараткан маселелерге туш болот. Бирок Европага багытталган качкындар кризисин токтотуу жөнүндөгү жогорку аракеттерине жана ийгилигине карабастан Меркел дагы Германиядагы жергиликтүү шайлоолордо бедел төлөгөнгө аргасыз болгон. Жыйынтыктары чоң болуучу саясий популизм жана пайдалануучулук темалары менен өз өлкөсүндө да жана ошондой эле Европада да бетме-бет келет.

Буга кошумча түрдө каршы добушун бергендер ээ болгон жана Италиянын премьер-министри Маттео Рензинин кызматын ташташы менен жыйынтыкталган Италиядагы конституцияга өзгөртүү киргизүү референдуму, маанилүү бир Европа өлкөсү болгон Италиядагы жана дагы кеңири түрдө Европадагы саясий ыраатсыздыкты тереңдетүү потенциясына ээ болчу. Италия тез-тез алмашкан өкмөттөрү жана ыраатсыз партия саясаттары (2-Дүйнөлүк согушунан бери 64 өкмөт курулду) менен белгилүү болсо дагы, жаңы бир өкмөт кризиси бул өлкө үчүн дагы Европа үчүн дагы маанилүү саясий жана экономикалык жыйынтыктарды туудурат.

Европадагы бул түшүнүлүшү кыйын саясий абалдын Түркия-ЕБ карым-катнаштарынын үстүндө таасирлери болушу абдан табигый нерсе. Түркиянын террорго каршы күрөшүүсүнө карай туруктуулугунун жана колдоосунун кемдиги, уулуу роль ойноодо жана учурдагы айырмачылыктарды тереңдетүүдө. Европанын коопсуздугу үчүн чечүүчү позицияда болгон Түркиянын коопсуздук маселелерине чыныгы түшүнүктө көңүл бурулбашы, терең ишенбөөчүлүк сезимин ойотууда. Абдан жай жылган жана көбүнчө кечеңдетилген мүчөлүк сүйлөшүүлөрү келечек үмүтүн жандырбай жатат. Европанын качкындар кризиси менен таасирдүү жана ылайыктуу түрдө алектенбей ийгиликсиз болушу карым-катнаштарды чыңалууга түртүүдө. Жоопкерчиликсиз саясатчылардын президент Эрдоганды жана Түркияны саясий пайда табуу үчүн «бөлөккө» айландыруулары да ишти эч жеңилдетпейт.

Бул бүдөмүктөн кутулуунун жолу, алдыңкы пландарыбызды туура түрдө белгилөө,орток коопсуздук жана өнүгүүбүздүн бардык деңгээлде биргелешип иштөөгө байланыштуу болгонун түшүнүүдөн өтөт. Улам жогорулаган эки жактуу көз карандылык жана орток кыйынчылыктары болгон ушул убакта, эки тарапты тең күчтөндүргөн чөйрө жаратып, жеңүүчүсү болбогон оюндарга моюн сунууну четке кага алабыз. Европа маселелерине, башкы агым саясаты, ашкере оңчул улутчулдук жана жикчилдиктин мажбурлоолоруна садага чабылбай, башкы агым саясатынын негизги баалуулктарын кайра жактырып чечим таба алат.

Түркия менен карым-катнаштарда жаңы барак ачуу, бул процессте абдан көп ишке жарайт. Түркия менен уланып келген Шенген визасыз режим процессинен жыйынтык чыгарылса, жаңы өнөктөштүк чөйрөсүн жаратат. Бул ансыз деле түрк жарандарына эбак эле берилиши керек болгон укук болуп саналат. ЕБ үчүн башка бир маанилүү кадам, баш калкалоочулар тууралуу берген уабадаларын орундатышы жана Түркиянын жүгүн бөлүшүүсү. Эң акырында Түркиянын 15-июль төңкөрүш аракетинин алдында жана андан кийинки коопсуздук маселелерин түшүнүү, Европада учурда болуп жаткан душмандай саясат чөйрөсүн алмаштырууга жардамчы болот. Саясий популизм үчүн Түркияга карай душмандык Түркиядан көп Европага зыян тийгизүүдө.



Тектеш кабарлар