ТРТ Түркияны Африка, Жер Ортолук деңиз аймагына жана Жакынкы Чыгышка таанытат

Гөка: «Биздин милдетибиз бул кызматташтыкты эң четки булуң – бурчтарга жеткирүүчү кыймылга өтүү»,- деди

623979
ТРТ Түркияны Африка, Жер Ортолук деңиз аймагына жана Жакынкы Чыгышка таанытат

Түркия телекөрсөтүү жана радио мекемеси ТРТ Түркияны Африкага, Жер Ортолук деңиз аймагына жана Жакынкы Чыгышка таанытат.

ТРТ маанилүү токтомго кол койду.

Түрк тарых мекемеси жана Гази университети менен кол коюлган токтом Жер Ортолук деңиз жана Африка өлкөлөрүнө даярдала турган даректүү фильмдин түзөтүүлөрүн камтууда. Аземде сөз сүйлөгөн ТРТнын баш директору Шенол Гөка : «Өлкөбүздү Африкага, Жер Ортолук деңиз аймагына жана Жакынкы Чыгышка таанытабыз»,- деди. Эки илимий мекеменин Түркиянын таанытылышы үчүн абдан маанилүү кызматташтык түзгөндүгүн баса белгилеген Гөка: «Биздин милдетибиз бул кызматташтыкты эң четки булуң – бурчтарга жеткирүүчү кыймылга өтүү»,- деди.

 Түркияны таанытуу үчүн керектүү материалдардын бар экендигине көңүлдөрдү бурган Гөка ТРТнын таанытуу иштерин дагы да алдыга жылдырарын айтты.

ТРТны таанытууга кошо  турган салымдын мекеме жана өлкө үчүн кубантуучу экендигин айткан Гөка эмгектердин Африкага, Жер Ортолук деңиз аймагына жана Жакынкы Чыгышка жеткирилерин белгиледи.  



Тектеш кабарлар