Түрк аскерлерине ким кол салганын ачыкка чыгармайынча изилдөөлөр токтобойт

Нуман Куртулмуш, ТРТ-Хабер каналында түз эфирден берилген атайын программада күн татипке байланыштуу маалымат берип, суроолорго жооп берди.

622216
Түрк аскерлерине ким кол салганын ачыкка чыгармайынча изилдөөлөр токтобойт

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында Сирияда орун алган Түрк куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрүнө карай 24-ноябрда болгон  жана 4 аскер шейит болгон абадан бомбалоону ким кылганын ачыкка чыгармайынча изилдөөсүн токтотпой тургандарын айтты.

Нуман Куртулмуш, ТРТ-Хабер каналында түз эфирден берилген атайын программада күн татипке байланыштуу маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Куртулмуш Түрк куралдуу күчтөрүнө карай абадан кол салууга байланыштуу, «Ошол мөөнөттүн ичинде кайсы учактардын, кайсы аба унааларынын ошол жерде болгонунун видеолору бар. Түркия бул бомбалоонун ачыкка чыгарылышы үчүн аны изилдөөсүн токтотпойт. Бул жерде ким тарабынан бул операциялар кылынганы кандайдыр бир түрдө түшүнүлөт, ортого салынат»,-деди.

Эл аралык коомчулуктун милдетинин өзгөчө Сирия режиминин Халебге каршы варварча кол салууларынын токтотулушун камсыздоо экенин айткан Куртулмуш, «Ал жердеги адамдарды аман алып кала турган жок дегенде эң төмөнкү гуманитардык жардамдардын, колдоолордун берилиши. Түркия катары биз бир тараптан бул аянттагы Түркиянын коопсуздугун камсыздай турган кадамдарды таштап жатканда экинчи тараптан да Халебдеги адамзат абалынын ортого салынышы үчүн сүйлөшүүлөрүбүздү улантуудабыз»,-деп айтты.

Вице-премьер, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысы Фетуллах Гүлендин АКШдан экстрадиция кылынышы тууралуу бир суроого, Трамп бийлиги кызматты өткөрүп алышынан кийин ФЕТӨнүн корбашчысынын кайтарылышы боюнча оң жылыштар болоорун күткөндөрүн түшүндүрдү. ФЕТӨ менен күрөшүүнүн уланганын белгилеген Куртулмуш, уюмдун саясий жагы да акыры барып жоопко тартыла турганын баса белгиледи.

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштар жана 15-16-декабрда боло турган Лидерлер саммити тууралуу да өз баа берүүсүн билдирди.

Куртулмуш, эгерде бириккен армиясын кура албаса таркоо процессине кире турган Европа Биримдиги туш болгон эң негизги маселенин өзүнүн ички саясий интеграциясын камсыздоодо кыйынчылык тартышы болгонун айтты.

ЕБнин Түркияга каршы эки жүздүү, кош стандарттуу мамиле кылганын баса белгилеген Куртулмуш, ЕБнин эң оболу бул мамилелерин ташташы керектигин белгилеп кетти.

Куртулмуш: «Ичкеридеги өөрчүп бараткан жикчилдиктин алдын алуусу жана Европанын дүйнөдөн байланышын үзүп түнт болуп баратканынан кутулуусу жана ошондой эле баш калкалоочулар маселесине чече албай тургандай түрдө туш болуудан алыс болуш үчүн европалык лидерлердин 15-16-декабрь күндөрүндө өтө турган жыйналышта Түркияга каршы Европа Парламентинин көрсөткөн мамилесин кылбай турганын ойлоодомун»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар