Эрдоган менен Меркелдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө аймактык маселелер менен эки тараптуу карым – катнаштарга токтолушту

622279
Эрдоган менен Меркелдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган менен Германиянын канцлери Ангела Меркель телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин булактарынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө аймактык маселелер менен эки тараптуу карым – катнаштарга токтолушту.

Кипр сүйлөшүүлөрү тууралуу пикир алышуулар болгон сүйлөшүүдө башта Халептеги адамзаттык жана Сириядагы акыркы абалдар да каралды. Эрдоган менен Меркелдин сүйлөшүүсүндө Халепке гуманитардык жардамдарды жеткирүү аракеттеринин ылдамдатылышы керектигине көңүл бурушкандары белгиленди.

Президент Эрдоган Кипр сүйлөшүүлөрү тууралуу Түркиянын мурунтадан бери аралда эки бөлүктүн укуктарын  тең коргогон, адилеттүү, туруктуу жана кенен чечүүчү жолду жактагандыгын айтты. Президент Эрдогандын качкындар тууралуу Европа Биримдигинин өзүнө түшкөн милдетти аткаруусу керектигин баса белгиледи.

Эрдоган  - Меркель сүйлөшүүсүндө террор менен күрөшүү маселеси да күн тартибине келди. Ушул алкакта президент Эрдогандын Түркия катары Германиядан башта жикчил террордук уюм ПКК жана Фетуллахчы террордук уюм болуу менен террордук уюмдардын финансылык булактарына бөгөт коюу тууралуу дагы активдүү күрөшүүсүн күтүшкөндөрү баса белгиленди.

Президент Эрдоган канцлер Меркель менен сүйлөшүүсүндө чоң жыйырмалардын кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп алуусу менен Германияны куттуктады.

Германия кечээ чоң жыйырмалардын кезектешкен башкаруучулугун Кытайдан өткөрүп алды. Кезектешкен башкаруучулугун 2017 -  жылдын ноябрь айынын акырына чейин алып бара турган Германиянын урааны «Бир бирине көз каранды болгон дүйнөгө форма берүү» деп белгиленди.

Германиянын кезектешкен башкаруучулугундагы чоң жыйырмалар саммити 2017 -  жылдын 7 – 8 – июль күндөрү Гамбургдагы жарманке аянтында өткөрүлөт.

Чоң жыйырмалар Германия, АКШ, Аргентина, Австралия, Бразилия, Кытай, Индонезия, Франция, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Индия, Англия, Италия, Япония, Канада, Мексика, Орусия, Сауд Аравия, Түркия жана Европа Биримдиги Комиссиясынан турат.

 



Тектеш кабарлар