«24 -  августтан бери келе жаткан кыймылдын максаты террордук уюмдар»

Эрдоган Түркиянын эртең эле биримдикке мүчө болууга даяр экендигин айтты

621721
«24 -  августтан бери келе жаткан кыймылдын максаты террордук уюмдар»

Президент Р. Т. Эрдоган Сирияда түрк куралдуу күчтөрүнүн жол башчылыгында жүргүзүлгөн «Евфрат калканы» кыймылынын максаты бир киши же бир өлкө эмес экендигин айтты. Президент Эрдоган президенттик комплексинде өткөрүлгөн 30 – акимдер жыйынында сүйлөгөн сөзүндө : «24 -  августтан бери келе жаткан кыймылдын максаты террордук уюмдар»,- деди.  

Президент Европа Биримдигинин кош стандарттан баш тартуу шарты менен Түркиянын эртең эле биримдикке мүчө болууга даяр экендигин да айтты. Эрдоган : «Бизди Европадан четке кагууга Европа Биримдиги мекемелеринин да расизм оорусунун манжасына түшүү коркунучу менен бетме – бет келген Европа мамлекеттеринин күчү жетпейт. Биз Европада конок эмес, үй ээсибиз. Европа Биримдиги жана кээ бир Европа өлкөлөрү менен акыркы мезгилде жашаган кыйынчылыктар актуалдуу саясий кагылышуулар»,- деди.

Эрдоган : «Европа Биримдиги өлкөбүзгө убада берди, бирок виза эркиндиги, качкындар үчүн жалпы 6 миллиард евро жардам, сүйлөшүү темаларынын ачылышы сыяктуу кадамдарды таштаганда биз да албетте жакшы ниетибизди көрсөтөбүз. Бирок эми бир тараптуу кадам таштоо мезгили бүттү»,- деди.

Президент Эрдоган батыш менен болгон карым – катнаштардын чыгышка, чыгыш менен болгон карым – катнаштардын батышка альтернатив эмес экендигин баса белгилеп : «Тескерисинче бул абалыбызды, өзүбүз жана досторубуз үчүн бири бирин толуктап турган карым – катнаштардын кепилдиги катары кабыл алабыз. Ошол эле абал Кара деңиз жана Жер Ортолук деңиз аймактары үчүн да айтыла алат. Эки деңиздин төрт тарабындагы өлкөлөр «эшик бир болбосо да деңизибиз бир» коңшуларыбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар