Мугалимдерин урматтап-сыйлай албаган өлкөлөрдүн келечеги караңгы болот

Эрдоган Бештепедеги Улуттук конгресс жана маданият борборунда уюштурулган «Мугалимдер күнү» программасына катышты.

617107
Мугалимдерин урматтап-сыйлай албаган өлкөлөрдүн келечеги караңгы болот

Президент Режеп Таййип Эрдоган, мугалимдерине, окутуучуларына керектүү урмат-сыйды көрсөтө албаган, алардын жанын үрөп берилип иштөөлөрүнө карата убада берип жооп бере албаган бир өлкөнүн келечегинин караңгы болоорун айтты.

Эрдоган Бештепедеги Улуттук конгресс жана маданият борборунда уюштурулган «Мугалимдер күнү» программасына катышты.

Президент мугалимдерге кайрылуусунда: «Мугалимдерди жокчулукка, жакырчылыкка, чарасыздыкка түрткөн улуттун өзүн таануусу да, цивилизациялык чыгармачылыгы да өнүкпөйт, өнүгө албайт. Мындай өлкөлөр ордунан жыла албай калышы турган көрүнүш»,-деди.

Мугалимдик кесибинин жалгыз гана билим берүү, окутуу процессинде жетишилген маалыматтарды класста окуучуларга түшүндүрүп берүү эмес экендигин белгилеген Эрдоган: «Мугалимдик, маалымат менен катар тажрыйба жана акыл менен балдырыбызды, жаштарыбызды келечекке даярдоо кесиби болуп саналат. Бул жагынан алганда мугалимдер, билим берүү системабыздын негизги пайдубалдары, келечегибиздин да архитекторлору болуп эсептелет»,-деп айтты.

Эрдоган сөзүн: «Биз жашап жаткан жерлер маданий жана тарыхый жагынан бай болушу менен бирге ар бир мезгили өзүнчө бир мамлекеттердин кабырстандары болуп саналат. Бул жерлерде мамлекет катары өнүгүү мындай турсун, жашооңузду сактап калыш үчүн да чоң чыгымдарды төлөөнү да эске алышыңыз керек»,-деп улантты.

«Анадолунун каалгаларын өзүбүзгө түбөлүккө ачкан убак болгон 1071-жылдан бери катуу күрөштөрдү жүргүздүк, дагы деле жүргүзүүдөбүз»,-деп айткан Эрдоган: «Бул күрөш жалгыз эле согуш майдандарында болгон жок. Жалгыз эле саясат сахнасында, дипломатияда, соодада, өнөр жайда болгон жок. Негизги күрөш илим турмушунда, билимде жана билим берүүдө болду»,-деген серебин салды.



Тектеш кабарлар