Ички иштер министринин маалымдоосу үрөйдү учурат

Сүлейман Сойлу, бөгөт коюлган террордук кол салуулар тууралуу маалымат берди.

616782
Ички иштер министринин маалымдоосу үрөйдү учурат

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, бөгөт коюлган террордук кол салуулар тууралуу маалымат берди.

Министр Сойлу, 2016-жылы чалгындоо иштеринин натыйжасында полиция аймагында ПКК/КЖК террор уюмунун 214, ДЕАШ террор уюмунун 34, ашкере солчул террордук уюмдардын 10 куралдуу, бомбалуу террордук кыймылдарына бөгөт коюлганын айтты.

Бир тараптан коопсуздук күчтөрүнүн террор уюму ПККга карай операциялары уланууда.

Ирактын түндүгүндөгү Зап-Авашин-Басын аймагындагы террор уюктарына абадан операция  жүргүзүлдү.

Операцияда 7 террорист жок кылынды.

Түрк согуштук учактары аймактагы баш калкалоочу жай жана уюктарын атты.

Хаккари, Битлис жана Диярбакырдагы операцияларда болсо террористтерге таандык керектөөчү материалдары табылды.

Изилдөөлөрдө табылган 6 колго жасалган жарылуучу зат жок кылынды.



Тектеш кабарлар