Тышкы иштер министри Чавушоглунун телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Мевлют Чавушоглу АКШнын мамлекет катчысы Жон Керри менен телефон аркылуу сүйлөштү

615454
Тышкы иштер министри Чавушоглунун телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу телефон аркылуу димпломатия жүргүзүүнү улантууда

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын мамлекет катчысы Жон Керри менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда сүйлөшүүдө Халептеги абал башта болуу менен Сирияга байланыштуу актуалдуу темалар да каралды. Тышкы иштер министри Чавушоглу кесиптеши Керри менен 18 -  ноябрда да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн. Сүйлөшүүдө Раккага карата операция жана террордук уюмдар менен күрөшүү башта болуу менен Сирияга байланыштуу актуалдуу темалар тууралуу пикир алышууларда болушту.

Эки министр Мусул операциясына байланыштуу абалдарды да карашты. Ошол эле учурда Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Чавушоглуна телефон чалып бир канча убакыт сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Түндүк Атлантика Келишими Уюму (НАТО) – Европа Биримдиги кызматташтыгынын өнүктүрүлүшү тууралуу пикир алышууларда болушту.



Тектеш кабарлар