Дүйнө терсинен айланса дагы армян геноциди болбогону тууралуу чындыкты алмаштыра албайт

Акар, Стамбулда уланган НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын 62-Башкы ассамблеясындагы коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйналышында баяндама жасады.

614510
Дүйнө терсинен айланса дагы армян геноциди болбогону тууралуу чындыкты алмаштыра албайт

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, бүткүл дүйнө терсин айтса дагы армян геноциди болбогону тууралуу чындык алмашпай турганын айтты.

Акар, Стамбулда уланган НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын 62-Башкы ассамблеясындагы коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйналышында баяндама жасады.

Андан соң сөз алган армян эл өкүлү Корюн Нахапетян, жалган армян геноцидин 26 өлкө тааныганын белгилеп, бул темада кандайдыр бир териштирүүгө орун жок экенин жактады.

Бул боюнча Хулуси Акар: «16-кылымда Галилей жер шары айланып турат дегенде, бүткүл дүйнө айланбайт дешкен. Бул эч качан жер шарынын айланганы тууралуу чындыкты алмаштырган жок. Ошондуктан бардык өлкөлөр «геноцид бар» десе дагы, геноцид болбогону тууралуу чындыкты алмаштыра албайт»,-деп жооп берди.

Акардын армян эл өкүлүнүн Түркиянын Сирия жана Иракта болушун сындаганына катуу каршылык көрсөтүшү да залдагылардын кол чабуусу менен коштолду.

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, армян делегаттын Халебге Түркия кийлигишкени жөнүндөгү айтымдарына жооп иретинде: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн Халебге байланыштуу эч бир чабуулу жок. Бир ок атканын дагы айткан бар болсо мен кызматымды таштаймын. Бул оройлук болуп саналат, бул жалган!»,-деди.

Акар айрыкча терроризмдин эл аралык ырааттуулуктун алдындагы эң чоң тоскоолдук болгонун, Түркиянын да көп убактан бери ФЕТӨ, ДЕАШ, ПКК, ПЙД жана ЙПГ менен күрөшүп жатканын, бул уюмдардын Түркия, НАТО жана дүйнө жүзү үчүн коркунуч болгонун айтты.

Акар, террор менен күрөшүүдө олуттуу кадамдар ташталганын жана Сирияда уланган «Евфрат калканы» кыймылын түшүндүрүп, «Ишенип койгула, сиздердин бюджеттериңизден бизге берилген акчанын бир долларын дагы, бир тыйынын дагы бекер короткон жерибиз жок»,-деп айтты.

Армия генералы Хулуси Акар, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине да токтолуп өлкөнү көргөнү келген, телефон чалган жана колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.

НАТОнун Түркия үчүн мамилеси абдан маанилүү экенин баса белгилеген Акар, Түркиянын НАТО менен кызматтышуусунун жаңылана турганын айтты.



Тектеш кабарлар