Түркия эмне үчүн Шанхай Кызматташтык Уюмунда болбосун?

Президент Эрдоган Өзбекстандын Самарканд шаарынан кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

614152
Түркия эмне үчүн Шанхай Кызматташтык Уюмунда болбосун?

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдигинин Түркияны 53 жылдан бери азгырып келгенин белгилеп: «Түркия эмне үчүн Шанхай Кызматташтык Уюмунда болбосун?»-деди.

Президент Эрдоган Өзбекстандын Самарканд шаарынан кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Эрдоган, Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюму менен жеңилдей түшөөрүн айтты.

Эрдоган, ЕБнин Түркияны 53 жылдан бери азгырып келгенин баса белгилеп: «Бардык нерсени ачык жана так айтканыбыз үчүн бизди лидерлер саммитине чакыруудан баш тарта башташты. Латын Америка өлкөлөрүнө виза эркиндиги бар, бирок Түркияны дагы эле азгырып турушат. Жылдын акырына чейин чыдап туралы. Жылдын акырына чейин болсо болду..., болбосо биз артка кайтарып алууну, бул келишимди токтотолу»,-деп айтты.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн түшүнүксүз мамиле көрсөткөнүн белгилеген Эрдоган, террористтердин бул өлкөлөрдө ээн эркин жүргөнүн белгилеп кетти.

Террордон таасир алган аймактардын кайрадан курулушуна токтолгон Эрдоган, аймакка инвестиция салуунун маанисине токтолду.

Президент Эрдогандын күн тартибиндеги башка бир тема болсо 15-июлда төңкөрүш аракетин кылган Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүү бар эле.



Тектеш кабарлар