Президент Эрдогандын Өзбекстан сапары өзбек басма сөзүндө кенен орун алды

«Элдин сөзү», «Правда востока» жана «Народное слово» гезиттери  Эрдогандын  Өзбекстанга сапарын биринчи беттеринен берди

613941
Президент Эрдогандын Өзбекстан сапары өзбек басма сөзүндө кенен орун алды

Президент Р. Т. Эрдогандын калың топ делегация менен Өзбекстанга жасаган сапары өзбек басма сөзүндө кенен түрдө орун алды.

Өзбекстандын негизги басма сөз органдарынан «Элдин сөзү», «Правда востока» жана «Народное слово» гезиттери  Эрдогандын  Өзбекстанга сапарын биринчи беттеринен берди.

«Элдин сөзү» гезити Эрдогандын бул өлкөгө жасаган сапарынын негизинде Өзбекстандын президенттигин аткаруучу жана  премьер – министр Шавкат Мирзиеев менен сүйлөшүүсүн  биринчи бетинен «Өзбекстан  - Түркия : Кызматташтыгынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү» деген темада берип, ошол эле бетте Эрдогандын маркум президент Ислам Каримовдун мазарын зыярат кылганда тартылган фотографиясына да орун берди.

Эрдогандын Самаркантка барып Каримовдун мазарын зыярат кылышын өзбек калкына көрсөткөн жогорку урмат – сыйдын көрсөткүчү катары мүнөздөлгөн кабарда бул сапардын Түркиянын Өзбекстан менен карым – катнаштардын өнүктүрүлүшүнө чоң маани бергендигин да көрсөткөндүгү белгиленди. Түркияынын Өзбекстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкө болгондугу да эске салынган кабарда өзбек жана түрк калктарынын кылымдарга таянган орток тарыхы, тили, дини,каада – салты жана нарктарынын бир бири менен байланыштуу экендиги белгиленди.

Орус тилинде жарыяланган «Правда востока» гезити да биринчи бетинде орун берген Эрдогандын бул өлкөгө жасаган сапарына байланыштуу кабарында Эрдогандын  Түркиянын Өзбекстанды  Орто Азиядагы алдыңкылык берилген орток өлкө катары көргөндүгү жана Өзбекстандын саясий ырааттуулугу менен экономикалык өнүгүшүнүн улантыларына ишенгендиги боюнча айткандарына орун берилди. Кабарда сүйлөшүүлөрдө Өзбекстан менен Түркиянын арасындагы бир бирине болгон ишеним чөйрөсүнүн күчтөндүрүлүшү, эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кеңешүүлөр, эл аралык мекмелердин алкагында эки өлкөнүн бир бирин колдоого алышы тууралуу темалардын каралгандыгы билдирилди.

Түркиянын Өзбекстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экендиги жана өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода көлөмүнүн 1, 2 миллиард долларга жеткендигине орун берилип, бул сандын эки өлкөнүн ортосундагы потенциалды толугу менен чагылдырбагандыгы жана бул көлөмдүн жакынкы жылдардын ичинде 2 – 3 эсеге арттырылышынын мүмкүн экендиги белгиленди.

Сүйлөшүү учурунда тараптардын келерки жылдын башында Ташкентте эки өлкөнүн аралаш экономикалык комиссия жыйыны менен Өзбекстан  - Түркия инвестиция форумунун өткөрүлүшү тууралуу келишим түзүлгөндүгү белгиленген кабарда Эрдоган жана Мирзиеевдин бул сүйлөшүүдө түзүлгөн келишимдердин эки тараптуу карым – катнаштарды жогорку деңгээлге чыгаруу менен кызматташтыктын жаңы бетин ачууга кызмат кыларына ишенгендиги баса белгиленди.

Өлкөдөгү эң көп окулган кабар сайттарынан Кун. уз болсо «Эрдоган Самаркантта», «Мирзиеев жана Эрдоган 3 саатка жакын бетме – бет сүйлөштү», «Эки өлкө карым – катнаштарында  жаңы бет», «Түркия Өзбекстан менен кызматташтыкты тереңдетүүнү каалайт», Мирзиеевдин сөзүнөн үзүнд алуу менен «Түркия чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ жана дүйнөлүк масштабда урмат – сый көргөн өлкө деген темаларда  жарыялаган кабарлары менен окурмандарына Эрдогандын Өзбекстан сапары тууралуу кенен маалымат берди.



Тектеш кабарлар