Сииртте жер көчкү кен чыгуучу жайды уратты

Көчкүнүн астында калган 13 жумушчунун куткарылышы үчүн издөө куткаруу иштери уланууда.

613193
Сииртте жер көчкү кен чыгуучу жайды уратты

Сиирттин Ширван районунда жер көчкүдөн кийин жез кени чыгуучу жай урап 3 жумушчу каза тапты.

Көчкүнүн астында калган 13 жумушчунун куткарылышы үчүн издөө куткаруу иштери уланууда.

Жеке менчик бир фирмага таандык жез кениндеги урандыда 8 жүк ташуучу унаа жана 3 жумуш машинасы да топрактын астында калды.

Сиирт губернаторлугунун карамагында курулган кризисти башкаруу координациясында Облустук апаат жана өзгөчө кырдаалдар директорлугунун (АФАД) Улуттук медициналык куткаруучу тобу жана Жандармериянын кызматкерлери катышкан иш-чараларга кенчилер да колдоо көрсөтүүдө.

Сиирт губернаторлугунун жарыясында аймакта көчкү коркунучу уланганынын себебинен издөө куткаруу иш-чараларынын кылдат жүргүзүлүп жатканын белгилеп, «Көчкүнүн нөшөрлөп жааган жамгырлардын себебинен болгонуна басым жасалышы менен бирге себептери туурасында изилдөө жана иликтөө уланууда»,-деп айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым көчкүдө тийиштүү министрлерге телефон аркылуу байланышып маалымат алды.

Бул учурда энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин жарыясында Министрликтин кеңешчиси Фатих Дөнмездин жетекчилигинде кризисти башкаруучу топ түзүлгөнү билдирилди.

Жер көчкүгө байланыштуу Сиирт губернаторлугу жана АФАД топторунан маалымат алынганы билдирилген жарыяда президент Режеп Таййип Эрдогандын Пакистан жана Өзбекстан сапарын коштоп жүргөн министр Берат Албайрактын кризисти башкаруучу топ менен тынымсыз байланышта болгону жана чара көрүүлөрдү тынымсыз байкап жатканы билдирилди.

Жарыяда айрыкча бир кеңешчи орун басарынын иштерди жакындан байкоо үчүн тобу менен Сииртке аттанганынын маалыматы берилди.



Тектеш кабарлар