Ванда АК партиянын имаратына кол салуу болду

Райондун акими Ибрахим Ванлы, журналисттерге берген маалыматында кол салуунун түнкү саат 03:00төрдө болгонун айтты.

610884
Ванда АК партиянын имаратына кол салуу болду

Ванда Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Мурадие районунун башчылык имаратына бомбалуу кол салуу болду.

АК партиянын Мурадие районунун акими Ибрахим Ванлы, журналисттерге берген маалыматында кол салуунун түнкү саат 03:00төрдө болгонун айтты.

Кол салуу убагында имаратта эч кимдин болбогону жакшы болгонун, болбосо чоң чыгым болмоктугун айткан Ванлы: «Бирок жарым саат кечигүү менен кабарыбыз болду. Имаратыбыздын арт жагында жана астыңкы кабатыбызда ашканада иштегендер жарылуунун үнүн угушуптур, бирок ким кылганын көрүшпөптүр»,-деди.

Коопсуздук күчтөрүнүн өзүнө чалгандан кийин Ачыкйол районундагы үйүнөн райондун имаратына келгенин түшүндүргөн Ванлы: «Жарылуу болгон жердеги камерабыз бузулгандыгы үчүн видео тарта албапыр. Камера системасын жаңы курганбыз, бирок ичкеридеги камерабызда тартылыптыр. Ыргытылган граната имараттын ашканасына түшүптүр»,-деп айтты.

Ванлы бир канча күн мурда Райондук жаштар тармагынын башчысынын үйүнө ушундай эле кол салуу болгонун эске салды.

Террор уюму ПККнын акыркы убактардагы саясатчыларды бутага алган кол салууларында өсүү байкалууда.

 



Тектеш кабарлар