Сирияда оппозициячыл топтор Эл Бабды көздөй баратат

Оппозициядагы топтордон турган Атайын милдеттүү күч тобу, Маре жана Раи тилкесинде орун алган 7 отурукташкан жерде чоң көлөмдө көзөмөлдү камсыздады.

610139
Сирияда оппозициячыл топтор Эл Бабды көздөй баратат

Сириянын түндүгүнүн террор элементтеринен тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында бир зооттолгон согуштук унаанын танка атуучу ракета менен атылышы жана Дрондон атылган колго жасалган жарылуучу заттын тийишинин себебинен 4 аскер жеңил жаракат алды.

Акыркы болгон ок атышууларда 9 оппозициячыл шейит болуп, 52 оппозициячыл жаракат алды.

Оппозициядагы топтордон турган Атайын милдеттүү күч тобу, Маре жана Раи тилкесинде орун алган 7 отурукташкан жерде чоң көлөмдө көзөмөлдү камсыздады.

Талл Жижан аймагын басып алууга аракет кылган ПЙД/ПКК элементтерине карай замбирек жана танкалар менен атуулардын натыйжасында ПЙД/ПККга мүчө 10 террорист жок кылынды.

Сириянын Эл Баб аймагына Түрк аба күчтөрүнө таандык согуштук учактар менен абадан кыймыл жүргүзүлүп арасында ДЕАШка таандык башкаруучу борбору, ок-дары сактоочу жайы жана штаб имараттары орун алган 15 бута атылды. Кыймылдын алкагында ДЕАШка мүчө 35 террор уюмунун мүчөсү жок кылынды.



Тектеш кабарлар