Президент Эрдоган Трамп менен жакынкы убакта сүйлөшүүнү каалайт

Эрдоган Беларуска жасаган алгачкы расмий сапарынан кийин учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

609599
Президент Эрдоган Трамп менен жакынкы убакта сүйлөшүүнү каалайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трамп менен кызматын өткөрүп ала электе сүйлөшүү өткөрө ала турганын айтты.

Эрдоган Беларуска жасаган алгачкы расмий сапарынан кийин учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШнын жаңы президенти Трамп менен ортосунда болгон сүйлөшүүгө токтолгон Эрдоган, АКШда пайда болгон жаңы саясий көрүнүшкө өз баасын берди.

Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) корбашчысынын экстрадиция кылынышы менен катар Ирак жана Сирия тууралуу темаларда АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп менен келише тургандарын ойлогонун белгилеген президент Эрдоган, Трамп президент болуп шайланган түндө телефон аркылуу байланышып сүйлөшкөндөрүн эске салды.

Эрдоган: «Трампка, алгачкы чет өлкөгө саякаттарынан бирөөнүн Түркияга болушун жана эң кыска убакта жолугушууну каалаганыбызды айттык»,-деди.

Эрдогандын күн тартибинде Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси да бар эле.

ЕБнин Түркияны мажбурлоо менен процесстин тышына чыгарууну каалаганын баса белгилеген Эрдоган: «Эгер бизди каалашпаса, үй ээси катары муну ачык айтышсын, тийиштүү токтомду чыгарышсын»,-деди.

Президенттик система темасында премьер-министр Бинали Йылдырым менен Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчелинин жолугушуусуна токтолгон Президент: «Биздин каалообуз тез арада бул иш эми өлкөнүн күн тартибинде абдан оң жолдо ордун табышы»,-деген серебин салды.

Тыңчылык айыбы менен ал туурасында юридикалык процесс уланып жаткан Жан Дүндар темасында Германия жана Франциянын мамилесин да сындаган Эрдоган: «Германияда Президенттик органдын кылганын ойлоп көр; террор боюнча 5 жыл жаза алган бирөөнү кызмат орундугунда жубайы менен бирге тосуп алып жатат. Ага атайын урмат-сый көрсөтүүдө. Париж мэриясы ардактуу жердештик наамын берүүдө»,деген сөздөрдү айтып террорду колдогон бул өлкөлөргө каршылык көрсөттү.

Ирак чек арасында болгон аскердик жыйылуу тууралуу суроого да жооп берген Эрдоган: «Даяр болушубуз керек. Абалды жакындан байкап жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар