Түркиядагы Ататүрктү эскерүү иш-чаралары...

Түркия Республикасынын куруучусу, улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрк, дүйнөдөн кайткан күнүндө ар түрдүү иш-чаралар менен эскерилүүдө.

607490
Түркиядагы Ататүрктү эскерүү иш-чаралары...

Түркия Республикасынын куруучусу, улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрк, дүйнөдөн кайткан күнүнүн 78-жылында ар түрдүү иш-чаралар менен эскерилүүдө.

Мамлекеттин жетекчилиги Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 78-жылында бүгүн чогулуп жатышат. Иш-чаралардын башталган жери Аныткабир...

Саат 9дан 5 мүнөт өткөндө бүтүндөй Түркия Ататүрктү эскерет...

Жыл сайын болуучу салтка айланган Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку мекемесинин Ататүрктү эскерүү жыйналышы алгач ирет Президенттик комплексинде өтөт.

Борбор шаарда башка бир эскерүү программасы да Түркия атлетизм федерациясы тарабынан уюштурулууда. Иш-чарада майда балдар, жаштар, жылдыздар бардыгы чогулуп 10-ноябрда Ататүрктү эскериш үчүн чуркашат.

Башкы штаб төрагалыгы өткөрө турган иш-чара үчүн «Ататүрктүн жаркын элесинин алдында армия улут менен кол кармашып» деген чакырык ташталды.

Анда Ататүрктүн туулган жылына арналган  кызыл-ак түстөгү тилек тиленген 1881 шарлар көк асманга учурулат.

Түркия Республикасынын куруучусу, улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрк, Стамбулда да урмат-сый жана сагыныч менен эскерилет.

Ататүрктүн бул дүйнө менен коштошкон жери Долмабахче сарайы, эл чогулуучу жайлардын башында турат. Бешикташта «Ататүрктү урматтоо жүрүшү» уюштурулат, Кадыкөйдө «Ататүрктү урматтоо чынжыры» түзүлөт.



Тектеш кабарлар