Түркия АКШдагы шайлоо тууралуу оюн билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган Дональд Трамптын президент болуп шайлануусу менен жаңы бир мезгилди баштап жаткандыгын айтты

607393
Түркия АКШдагы  шайлоо тууралуу оюн билдирди
mevlüt çavuşoğlu.jpg
bekir bozdağ.jpg
binali yıldırım.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган АКШда республикачыл талапкер Дональд Трамптын президент болуп шайлануусу менен жаңы бир мезгилди баштап жаткандыгын айтты.

Стамбулда МҮСИАД EXPO жарманкесинин ачылышында күн тартибиндеги абалдар тууралуу сөз сүйлөгөн Эрдоган : «Америка калкынын бул жолду тандоосу дүйнөгө, керек болсо негизги укук жана эркиндиктер, керек болсо демократияда жана аймагыбыздагы абалдар тууралуу пайдалуу кадамдардын таталышына себеп болот деп ойлойм»,- деди.

Эрдоган : «Мен жеке өзүм жана элимдин атынан Америка калкынын бул жолду тандашынын пайдалуу жана ийгиликтүү болушун каалаймын»,- деди.

Премьер – министр Бинали Йылдырым да Дональд Трампты куттуктады. Йылдырым Трампты 15 -  июлдагы козголоң кыйымылында болгон Фетуллахчы террордук уюмдун лидери Фетуллах Гүленди тапшырууга чакырды.

Анкарада жандармерия жана жээк коопсуздугу академиясынын 2016 – 2017  билим берүү жылынын ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн премьер – министр : «Гүлен тапшырыла турган болсо, карым – катнаштарда жаңы бет ачылат»,- деди.

Адилеттик министри Бекир Боздаг болсо Америка калкы кимди шайласа шайласын Түркиянын ошону менен иштей тургандыгын айтты.

Адилеттик министри Бекир Боздаг борбор шаар Анкарда берилген бир суроо боюнча Америка президентинин алмашуусунун карым – катнаштарда өзгөрүүнү алып келбей тургандыгын баса белгиледи. Боздаг : «Натыйжада эл добуш берүүдө. Мен көргөн нерсе шайлоо стратегиясы катары Америка калкы өз эркинин багытталышына уруксат берген жок»,- деди.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да твиттер эсебинен бөлүшкөн кабарында Трампты куттуктады. Чавушоглу  маалыматында : «АКШ менен ишенимге  таянган стратегиялык кызматташтыгыбызды күчтөндүрүүнү каалайбыз»,- деген сөздөргө орун берди.

 



Тектеш кабарлар