Түркия Люксембургду айыптады

Европада терроризмге колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн башында турганына көңүл бурду

606034
Түркия Люксембургду айыптады

Түркия Европада терроризмге колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн башында Люксембургдун турганына көңүл буруп, бул өлкөнүн тышкы иштер министри Жан Асселборнду айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы элчи Хүсейин Мүфтүоглу Асселборндун бир немис радио каналына берген маегинде Түркия тууралуу айткан сөздөрү жөнүндөгү бир суроого жообунда: «Дүйнөлүк деңгээлдеги терроризмге каршы күрөшүү аракеттерине канчалык салым кошкону талаш туудурган Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборндун «Deutschlandfunk» аттуу немис радио каналына берген маеги, Түркия бетме-бет келген терроризм коркунучунун масштабын жана даражасын түшүнүүдөн жана туура баамдоодон алыс экенин көрсөтүүдө»,- деп айтты.

Министр Асселборндун, 15-июлда 246 жарандын шейит болушуна себепчи болгон кандуу төңкөрүш кылмышын кылган ФЕТӨгө мүчө терррористтерди ар бир мүмкүнчүлүктө айыптоосун күткөндөрүн баса белгилеген Мүфтүоглу: «Анын мунун ордуна өлкөдөгү ушуга окшогон аракеттердин алдын алуу жана демократиянын күчтөндүрүлүшүнө карата жасалып жаткан аракеттерди Европанын кара мезгили менен салыштырышы, тарыхый маалыматынын жетишсиздигин жана объективдүү баалоо жөндөмдүүлүгүнүн жок экендигин көрсөтүүдө»,- деп айтты.

Мүфтүоглу демократиялуу өлкө болгон Түркияда Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен бери ташталып жаткан кадамдардын, түрк элинин демократия жана эркиндик ичинде жашашын камсыздоого карата экенине да көңүл бурду.



Тектеш кабарлар