Орусия Түркияга абадан коргонуу системасын куруп берүүгө ынтызар
Александр Фомин, Түркияга абадан коргонуу системасынын берилишинин эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтыктын күн тартибинде болгонун айтты.
Орусиянын Федералдык аскердик-техникалык кызматташтыгы кызматынын директору Александр Фомин, Түркияга абадан коргонуу системасынын берилишинин эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтыктын күн тартибинде болгонун айтты.
Орусиянын Интерфакс кабар агенттигине маалымат берген Фомин, Түркия жана Орусиянын аскердик-технилкалык жааттагы кызматташтыгына кайрадан баштаганын белгилеп: «Түркия жана Орусиянын ортосунда аскердик-техникалык жаатта өкмөттөр аралык жыйналыштын үстүбүздөгү жылдын акырына чейин боло турганын ойлоодомун. Жыйналыш өткөрүлүүчү жер жана убакыт белгиленүүдө»,-деди.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков да өткөн айдагы жарыясында, «Орусия, түрк тарабы талап кылган учурунда абадан коргонуу системасын өткөрүүнү ар түрдүү альтернативаларда карай алат»,-деп айткан.
Тектеш кабарлар
Министр Гүлер ливиялык командирди кабыл алды
Баш калаа Анкарадагы жолугушууда, Ливия менен аскердик билим берүү жана кеңешүү жараяны каралды.